2015-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариев “Телеберүү толкундарын таратуучу республикалык өндүрүштүк бирикмеси” (ТТТРӨБ) ачык акционердик коомунда болуп, Кыргыз Республикасында телерадиоберүүнү санарипке өткөрүү Программасы боюнча иштердин жүрүшү менен таанышты.

Өкмөт башчысы КТРК жана ЭлТР телеканалдары эфирге чыгуучу жаңы спутник комплексин көрүп чыкты. Аталган спутник 70,5 градус бийиктикте жайгашып, 14 өлкөдө ишенимдүү сигнал жеткире алат.

Ошондой эле премьер-министр биринчи мультиплекске кирген телеканалдардын Социалдык пакети жайгашкан жабдыктар менен тааныштырылып, орнотулган санарип передатчиктердин картасы көрсөтүлдү.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында техникалык телетармактын 4 этабынын экинчисинин курулушу аяктады. Бул өлкө калкынын 79 пайызын Социалдык пакет менен камсыздайт дегенди билдирет.

Мунун натыйжасында бүгүнкү күнү социалдык пакетке кирген телеканалдардын санариптик эфирдик берүүсү Жалал-Абад, Ош, Талас, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын көпчүлүк райондорунун калкы үчүн жеткиликтүү болду.

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан түзүлгөн социалдык пакетке азыркы учурда 8 канал – КТРК, ЭлТР, 5-канал, Мир, Пирамида, Баластан, Маданият жана бир облустук канал кирет. КР Президентинин жана КР Өкмөтүнүн аппаратынын тапшырмасы менен аталган министрлик КР Өкмөтүнүн токтомуна дагы 4 каналды — Спорт (КТРК), Музыка (КТРК), Ден-соолук (Здоровье) (ЭлТР) жана ОшТВ телеканалдарын кошуу тууралуу өзгөртүү киргизүүдө.

Ошондой эле “ТТТРӨБ” ААКсында Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын 43% калкына жеткиликтүү болгон экинчи мультиплекс ишке киргизилген. Бул мультиплексте Россия Федерациясынын ОРТ жана Россия-Планета телеканалдары ачык форматта транцляцияланат.

“Өлкөнү санариптик телеберүүгө өткөрүү — КР Конституциясы менен кепилденген маалымат коопсуздугу жана жарандардын маалымат алуусунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоосу боюнча мамлекеттин приоритеттүү милдеттеринин бири”, — деди премьер-министр Темир Сариев шаршемби күнү, санарип форматына өтүүнун алкагында «Женева – 2006» Эл аралык макулдашуусунун күчүнө киришине байланыштуу болгон маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасы радиобайланыштын аймактык конференциясынын План «Женева-06» жана 174-230 и 470-862 МГц жыштыгындагы санариптик үн жана телеберүү Планы Макулдашуусунун катышуучусу болуп калды.

2015-жылдын 17-июнунун тарта “Женева -2006” эл аралык мкулдашуусу күчүнө кирет. Бул өз кезегинде телеберүүдөгү аналогдук телеканалдар жыштыгы эл аралык коргоо күчүн жоготот деенди түшүндүрөт.

Өкмөт башчысы азыркы учурда КР Өкмөтү санарипке өтүү Прграммасындагы бир катар милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыргандыгын белгиледи.

Анын айтымында, бюджеттен бөлүнгөн каражатка Социалдык пакетке кирген телерадиокомпаниялар техникалык жактан жабдылып, ТРКнын эфиринде көрсөтүлүүчү коомдук актуалдуу жана маанилүү контент жасалып, калктын аялуу катмары үчүн санарипке өтүүдө керек болгон ресиверлер сатылып алынды.

Премьер-министрдин пикиринде, жарандарга өз үйүндө санарипке туташууга даярдануу боюнча маалымат берүү иштерин күчөтүү зарыл.

КР Транспорт жана коммуникация министрлигин маалыматына ылайык, рынокто адилеттүү атаандаштыкты өнүктүрүү жана монополизацияга жол бербөө максатында, КР Өкмөтү тарабынан  “Санариптик технологиялар” («Цифровые технологии») ЖЧКсына бириккен жеке телеберүүчүлөр үчүн конкурстан тыш эки жыштык бөлүнгөн. Алар да учурда  ачык форматта берүүчү санарип тармагын курууну аяктоо алдында турушат.

Санариптик берүүгө өз убагында өтүү максатында КР Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан чек аралаш өлкөлөр менен санарип жыштыктарына ээлик кылууну координациялоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, мамлекеттик буюртманын алкагында даярдалган жалпы хронометражы  2587 мүнөткө барабар (43 саат, 11 мүнөт) кыргыз жана орус тилдеринде 84 телепрограмма, 6 документалдык фильм, 37 социалдык ролик, 16 ток-шоу башталды.

Мындан сырткары, Социалдык пакетке кирген 7 талеканал тарабынан 2015-жылы соцпакетте катышуу келишимине ылайык, жалпы көлөмү 105 сааттык контент, облустук ТРКлар тарабынан жалпы 52,5 сааттык контент өндүрүлөт. Жыйынтыгында 2015-жылы 200 саат көлөмүндөгү улуттук аудиовизуалдык продукция өндүрүлөт.

Ошондой эле маалымат жыйыны учурунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буюртмасы менен “Сорос-Кыргызстан” Фондусунун колдоосу астында М-Вектор компаниясы тарабынан даярдалган КР телерыногун изилдөөсү презентацияланды. Изилдөө 3 ай аралыгында жүргүзүлгөн (2015-жылдын февраль- апрель айлары аралыгында).

 

Изилдөөдөгү маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күнү аналогдо көрсөтүп жаткан телеканалдардын саны 33. Санарип форматында 24 телеканал иштейт, алардын 11и эфирдик, 4ү спутниктик, 2си кабельдик жана 7 телеканал IPTV.

 

«Санарипти жандыр!» слоганы астында бүгүнкү күндө Кыргызстанда КРди санарипке өткөрүү жаатында калк үчүн улуттук маалымат кампаниясы улантылып жатат.  Анын алкагында аудио жана видео роликтер транцляцияланып, www.sanarip.kg расмий сайты жана 1212 тынымыз кызуу телефондук байланыш иштеп жатат. Өлкө аймактарында маалыматтык Санарип кербени өз ишин активдүү улантууда.

Аталган кампаниянын негизги мааниси – калктын DVB-T2 MPEG4 стандартындагы ресиверлерин же ушундай стандарттагы орнотулган тюнери бар сыналгыларды өз убагында сатып алуусунда.

Ресиверлерди КР Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан тастыкталган гана ресиверлерди сатып алуу керектигин белгилей кетүү керек.

Санариптик телеберүү аналогдон айырмаланып, калк кабыл алган, анын ичинде акысыз социалдык пакетке кирген программалардын сапатын жана санын бир кыйла көбөйтөт. Ошондой эле санариптик стандарт телекөрүүчүлөргө жогорку сапаттагы сүрөттү көрүү мүмкүнчүлүгүн гана эмес, келечекте жаңы технологиялардын жардамында интерактивдүү жана мультимедиялык кызматтарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн да берет.