скачанные файлыТалас областында “Сорос–Кыргызстан” фондунун “Жаратылыш ресурстарын колдонуу” программасынын колдоосу менен “ЖЫЛДЫЗ–ТРАНЗИТ” коомдук фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин  Талас аймактык башкармалыгы «Талас облусундагы жаратылышынын биологиялык көп түрдүүлүктү башкаруудагы коомчулуктун активдүүлүгү» долбоорун ишке ашыра баштады

Долбоордун негизги максаты: Жалпы Талас областынын жаратылыш байлыгы эсептелген, Талас районунда жайгашкан “Беш–Таш” жана Кара–Буура районунда жайгашкан “Кара–Буура” жаратылыш паркындагы жан–жаныбарлардын жана Кыргызстандын “Кызыл китебине” кирген күрөң аюу, ак илбирс,  тоо текелер жөнүндө так маалыматтар жокко эсе.

Ошондуктан, Талас областына караштуу жаратылыш парктары, андагы жан–жаныбарлар камкордукка муктаж. Бул ишти жалпы элдин, коомдун, жергиликтүү кошуундардын жардамысыз ишке ашырууга мүмкүн эмес. Өкүнүчтүүсү, учурда мамлекет жаратылыш парктарынын, анда күн көргөн жаныбарларга кам көрүүгө чамасы жетпейт жатат. Биздин максат: мамлекеттик органдар менен чогуу жаратылыш парктагы жаныбарларды сактап калуу үчүн бир механизм түзүү, алар менен бир тилге келүү. Бул аркылуу жергиликтүү калкты жаратылыш байлыктарына,  анын ичинен парктардагы жаныбарларга аяр мамиле кылууга, аларды атпоого, өлтүрбөөгө, алардын көбөйүшүнө кам көрүүгө  үндөө болуп саналат. Долбоордун жүрүшүндө алынган маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин  Талас аймактык башкармалыгы мониторг жүргүзмөкчү.

Аткарылуучу иштер: Талас жана Кара–Буура районунда жайгашкан “Беш-Таш”, “Кара–Буура” жаратылыш парктарына 10 даана фотокапкандар жана GPS навигаторлор сатылып алынып, автоматтык түрдө жаныбарлардын жашоосуна көз салышмакчы. Долбоор жабдыктарды орнотуу, ишке киргизүү, аларды туура колдонуу, алардын фото–видео материалдарды алуу боюнча айтылган парктардын кызматкерлерин  окутуу– семинарлары өткөрүлмөкчү.

Массалык маалымат каражаттары: анын ичинен басма сөз, интернет булактары, телевидение аркылуу коомдун, жалпы элдин жаратылышка, анын ичиндеги жаныбарларга болгон жырткычтык көз карашын өзгөртүү, жаныбарларды жоготууну азайтуу, тескерисинче аларга кам көрүп, санын көбөйтүүгө аяр мамиле жасоо менен кам көрүү.