2-декабрда саат 10:00дө №12 жардамчы мектебинде 3-декабрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк Майыптар күнүнө арналган Ачык эшик күнү өткөрүлөт.
Программада майрамдык концерт, окуучулардын катышуусу менен театралдык оюн бар. Окуучулар тарабынан жасалган буюмдардын көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Коноктор үчүн мектепке экскурсия жүргүзүлөт.
№12 жардамчы мектеп 1965-жылы негизделген, азыр 140тан ашык окуучу окуйт, алардын ичинде 5 жарым жетим, 7 окуучу үйдөн билим алат, 22 окуучу аз камсыз болгон үй-бүлөдөн жана 110у майыптыгы боюнча жөлөкпул алышат.
Мектепте акыл жагынан артта калуу, Дауна синдрому, кем акылдык, балдардын шал оорулары ж.б. – диагнозу менен балдар окушат.

Иш-чара мектеп тарабынан “Сорос-Кыргызстан” Фондунун Билим берүү программасынын колдоосунда “Ош шаарындагы №12 жардамчы мектебинин балдарында кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырган “Жыргалчылык” Коомдук фонду менен өнөктөштүктө уюштурулган.
Маалымкат үчүн: 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын он жылдыгынын аягында (1983–1992) БУУнун Генералдык Ассамблеясы өзүнүн №47/3 резолюциясы менен коомдук түзүмдөргө дагы, өнүгүү процессине дагы майып адамдарды киргизүүгө тиешелүү маанилүү маселелерди колдоону мобилизациялоо жана кабарландырууну жогорулатуу максатында 3-декабрды Эл аралык Майыптар күнү (International Day of Persons with Disabilities) деп жарыялаган.
DOD