SFK_calendar_2016Урматтуу доcтор,

Сиздердин назарыңыздарга “Сорос-Кыргызстан” Фондунун «Бишкек: коомдук жайлар» деген аталыштагы календарын тартуулайбыз. Коомдук жайлардын айкалышындагы шаар – та- таал, көп катмарлуу, көп сандагы кызыкчылыктарды камтыган объект; ал миңдеген адамдарды камтууга кудурети жеткен гиганттык Ала-Тоо аянтынан баш- тап, жаңылыктар талкууга алынган жаңы конуштагы кичинекей «аянтчага» чейинки ар түрдүүлүктүн жана ар тараптуулуктун жыйындысы.

Шаар – бул көчөлөр, парктар жана имараттар эмес – бул, эң негизгиси, адамдардын өз ара мамиле түзүүсүнүн өзгөчө шаардык формалары. Акыркы эки жылдан бери биздин фонд ар түрдүү коомдук жайларды өнүктүрүү боюнча долбоор- лорго жигердүү колдоо көрсөтүп келет: парктар- ды, китепканаларды, оюн аянтчаларын, биздин коомубуздун Социалдык капиталын жогорулата турган бардык нерселер. Биз социалдык капиталды адамдардын жана коомчулуктардын бири-бири менен байланыштарынын жана өз ара мамиле түзүү көндүмдөрүнүн жыйындысы катары түшүнөбүз.

Социалдык капитал пайдалуу гана байланыштардын саны менен гана эмес, алардын сапаты менен да өлчөнөт – социалдык капитал адамдар бири- бирине көбүрөөк ишенген топтордо өтө жогору деңгээлге жетет. Шаардык коомчулуктарда өз ара мамиле түзүү жана өз ара ишеним арттыруу мада- нияты үчүн коомдук жайлардын формаларын жана типтерин өнүктүрүү керек, алар коомдук өз ара мамилелер үчүн аянтча катары каралышы керек.

Биздин календарь – бул сүрөттөрдүн ар түрдүүлүгү жана ар башкалыгы аркылуу бишкектик коомдук жайлардын көп түрдүүлүгүн көрсөтүүгө болгон аң-сезимдүү аракетибиз: алардын бүгүнкү күнү, эң негизгиси, алардын келечектеги потенциалы тууралуу айтып берүү.

Календарь шаардын жана шаар тургундарынын турмушу үчүн коомдук жайлардын маанилүүлүгү жана баалуулугу тууралуу дагы бир жолу эске салат деген үмүттөбүз.

Урматым менен,

Шамиль Ибрагимов «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Аткаруучу директору