CA Reporters«Сорос – Кыргызстан» Фонду «Маалымат эркиндиги» Программасынын алкагында массалык маалымат каражаттарынан, продакшн студиялардан жана чыгармачылык топтордон «Социалдык мааниге ээ медиа контентти түзүү» боюнча сынакка долбоордук сунуштарды кабыл алып баштагандыгы тууралуу жарыялайт.

Сунуш сынакка катышуу үчүн медиа материалдардын (телевизиондук же радио берүүлөрдүн баштапкы сценарийлеринин, басылмалардагы тематикалык беттердин тематикалык концепцияларынын) моделин жана форматын сүрөттөө менен бирге эле, көтөрүлүп жаткан тематиканын социалдык маанисин, максаттык тобун, милдеттерин, ошондой эле, долбоорго катышуучу топтун мурунку тажрыйбасын көрсөтүшү керек.

Долбоорлордо билим берүү, социалдык капиталды, социалдык ишкердүүлүктү өнүктүрүү, экология жана шаарды өнүктүрүү көйгөйлөрүн, коомдук башкарууга жарандардын катышуусу боюнча маселелерди чечүү, Кыргызстанда жаңы технологияларды киргизүү жана өнүктүрүү, ачык маалыматтар жана ачык өкмөт, этникалык тынчтыкты жана көп түрдүүлүктү колдоо боюнча темаларга артыкчылык берилет.

ММКлар, продакшн студиялар, он-лайн ресурстар жана чыгармачыл топтор сынактын катышуучуларынан боло алышат.

Долбоордун милдеттери: 

  • Медиалык мейнстримде жеткиликсиз чагылдырылган социалдык мааниге ээ болгон темаларды жана багыттарды актуалдаштыруу;
  • Жергиликтүү ММКдын жана медиа уюмдардын сапатттуу ата-мекендик контентти жаратуусун күчөтүү;
  • Долбоордун алкагында көтөрүлүп жаткан социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жарандарды камтуу;
  •  Социалдык маанидеги тематиканы чагылдыруу боюнча креативдүү ыкмаларды өнүктүрүү;
  • Жарандык сектордун, ММКнын, продакшн студиялардын жана он-лайн ресурстардын Кыргызстан үчүн маанилүү болгон темадагы актуалдуу материалдарды түзүүдөгү потенциалын жогорулатуу;
  • Долбоордун алкагында чыгарылган контент милдеттүү түрдө бир же бир нече массалык маалымат каражаттарында, медиа аянтчаларында же социалдык желелерде чагылдырылышы керек.

Сынакка катышуу үчүн кайрылууну Google Forms  форматында кыргыз тилинде толтуруу зарыл:

http://bit.ly/1R09gLM

Орус тилинде:

http://bit.ly/1RmdcsY

Сунуштар электрондук түрдө гана жогоруда көрсөтүлгөн шилтемелер боюнча кыргыз же орус тилдеринде 2016-ж. 11-март саат 17.00гө чейин кабыл алынат.

Баалоо критерийлерине төмөндөгүлөр кирет:

  • Сапаттуу медиа материалдарды түзүүдөгү иш тажрыйбасы;
  • Иштердин портфолиосу;
  • Креативдүүлүк жана жаңычылдык;
  • Долбоордун жыйынтыктарын жайылтуунун масштабы;
  • Долбоорду белгилүү бир шартта ишке ашыруунун реалдуулугу;
  • Кызматташтык, өнөктөштөрдүн кеңири тобун камтуу;
  • Долбоорду ишке ашырууда видео жана мультимедиа каражаттарын колдонуу;
  • Бир нече тилдерди колдонуу;
  • Долбоор белгилүү бир маселелерди камтышы керек жана белгилүү бир көрүнүктүү жыйынтыктарга жетишүүсү зарыл;
  • Чыгаша өңүтүнөн алганда максаттуу жана эффективдүү болушу керек;

Кошумча маалымат:

§ Долбоордун максималдуу суммасы $ 10,000 (он миң АКШ) долларынан ашпашы керек.

§ Документтердин толук эмес жыйындысы, ошондой эле, көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келип түшкөн сунуштар каттоого алынбайт жана каралбайт.

§  Алынган сунуштар рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт.

§ Бир уюм бир долбоор жөнөтө алат.

§ Артыкчылык ТВ жана он-лайн долбоорлорго берилет.

 Байланыш маалыматы: Элина Каракулова, «Маалымат эркиндиги» Программасынын Менеджери, ekarakulova@soros.kg