«Жылдыз-Транзит» коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» фондусунун каржылоосу менен «Жаратылыш ресурстарын башкаруу» программасынын алкагында «Талас облусунун жаратылышындагы биологиялык коп турдуулукту башкарууда коомчулукту тартуу» долбоору аркылуу томондогу иш-чараларды аткарды:

 2016-жылдын 26-мартында 15 адамдан турган жумушчу топ «Беш-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркында адистер менен биргеликте мониторинг жургузушту. Жумушчу топто: «Беш-Таш» паркынын жетекчилиги, егерлери, токойчулары, мергенчилик инспекциясынын (жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин) адиси, Кыргыз Республикасынын Окмотуно караштуу Курчап турган чойрону коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигинин, Талас аймактык башкармалыгынын адистери жана «Жылды-Транзит» коомдук фонддогу долбоордун жетекчиси болушту. Иш чаранын журушундо  мурда  коюлган фотокапкандарды GPS-навигаторлорунун жардамы менен таап, иштеп жаткандыгын корушту. Орнотулган аппаратуранын батарейкасы жана флешкасы башка жаны батарейкага жана флешкага алмаштырылды. Фотокапкандар тала шартында иштеп, ар бир секундада 3 фото жана 20 секундалык видео тартканга багытталган. Парктын аймагына орнотулган фотокапкандардын ар-бири жапайы жаныбарларды тартып калганга улгурушуптур.. Алынган материалдар фото, видео (уну менен), тункусун тартылган да маалыматтар бар экен. Мунун менен фотокапкандар натыйжалуу иштегени тастыкталды.

https://youtu.be/oP7KuHWqTuY