Ош шаарында 2016-жылдын 31-октябрында 7 күндүк  «Медиа түрлөрүн даярдоо аркылуу регионализм маселесин чечүү» аталышындагы медиалагерь  башталды, анда 7 облустан келген 36 жаш активист катышып жатат.

Түндүктүн жана түштүктүн жаштары дайыма эле бир бири менен мамиле куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышпайт, бул үчүн экономикалык себептер тоскоол болот.  Ал эми регионализм маселесин чечүү үчүн, жаштардын  бир бири менен коммуникация кылуусу керек.   Ошондукан 7 облусттун жаштарына регион аралык достукту жана мамилени  бекемдөөгө багытталган  иш чараларды өткөрүү керек. Ал эми  « Медиа түрлөрүн даярдоо аркылуу регионализм маселесин чечүү»  аталышындагы медиалагерь бул иш чаралардын бири.

Медиалагердин жүрүшүндө 7 облустун жаштары, жарандык журналистика, репортаждык съемка, адвокация жана дебаттар боюнча теориялык гана билимдерди албастан,  медиа  боюнча финалдык долбоорлорун   даярдоодо , адвокация кампанияларын пландоодо жана дебаттык турнирде алган билимдерин практика жүзүндө пайдаланышат.

Финалдык долбоорлорду даярдоо үчүн түзүлгөн топтор жана дебаттык тайпалар ар кайсы облусттун жаштарын аралаштыруу менен түзүлүп, катышуучулардын бир бири менен жакшы таанышуусуна өбөлгө түзүп, лагердин темасы болгон көйгөйдү ар кайсы багыттан изилдөөгө жардам берет.

“Жаштардын кайсы тилде сүйлөбөсүн, кайсы региондон болбосун билим алуу бирдей мүмкүнчүлүгү  болуусу керек. Ошондуктан биз  7 облустун жаштарын чогултуп,  медиа түрлөрүн даярдоо, фото, адвокация жана дебаттар боюнча сабактарды алуусуна  мүмкүнчүлүк түзө алгандыгыбызга абдан кубанычтабыз” деп белгиледи IDEA CA дин программалык ассистенти жана лагердин координатору Нурайым Шамырканова.

Негизги максаты: Жаштардын медиа түрлөрүн эффективдүү  колдонуучу жана жасоочу болуусуна шарт түзүү.

Медиалагерь Борбордук Азиядагы Эл аралык Билим Берүүчү Дебат Ассоциациясы  IDEA CA тарабынан «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жаштар программасынын финансылык колдоосу менен уюштурулуп жатат.

IMG_1394 - копия