2016-жылы 10-11-декабрда Бишкекте Эл аралык адам укугун коргоо күнүнө арналган “Quiz Day” интеллектуалдык оюну өткөрүлөт. Эл аралык адам укугун коргоо күнү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын сунушу менен Адам Укуктарынын Жалпы Декларациясын кабыл алынган күнүнүн урматына 1952-жылдан бери жыл сайын 10-декабрда белгиленет. 

Бишкек шаарындагы студенттер үчүн 10-декабрда кыргыз тилинде жана 11-декабрда орус тилинде оюнга катышуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Quiz Day – тайпалар ортосундагы адам укуктары темасында интеллектуалдык таймашуу күнү. 5 адамдан турган 12 тайпа өзүлөрүнүн сынчыл ой-жүгүртүү көндүмдөрүн жана зиректигин сынашат, ошондой эле, баалуу белектерди алышат.

 Сизге катышуу үчүн төмөндөгүлөрдү жасоо керек:

1.      5 адамдан турган тайпаны топтоо (Бишкек ш. ЖОЖдордун студенттери),

2.      Өз тайпаңызга ат коюу;

3.      Оюндун тилин тандоо (кыргызча же орусча),

4.      Катышуу үчүн заявканы толтуруп, ал жактан оюндун эрежелери менен таанышуу. Эгерде тайпа орус тилин оюндун тили катары тандаса, анда орус тилиндеги заявканы толтуруу керек. Эгерде тайпа оюндун тили катары кыргыз тилин тандаса, анда кыргыз тилиндеги заявканы толтуруу керек.

5.      Толтурулган заявканы yafkyrgyzstan@gmail.com электрондук дарегине жиберүү керек.

6.      Оюнга даярдануу үчүн сизге негизги адам укуктары, эл аралык документтер жана КР адам укуктары жөнүндө фактылар/статистика менен таанышууңуз керек.

 Орус тилиндеги оюн үчүн биринчи катталган 12 тайпа жана кыргыз тилиндеги оюн үчүн биринчи катталган 12 тайпа катышуу үчүн чакыруу алышат. Чакырылган катышуучуларга оюн өткөрүлүүчү жай жана убакыт тууралуу маалымат берилет.

Иш-чаранын максаты – студенттерди адам укуктарынын эң маанилүү маселелери, ошондой эле, «YAF – Жаштар Демилгелерин Колдоо Фонду» жаштар гранттык программасынын мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу болуп саналат.

Суроолор боюнча тел.: (0-559) 172765, e-mail: yafkyrgyzstan@gmail.com аркылуу «YAF – Жаштар Демилгелерин Колдоо Фонду» программасынын ассистенти Момуналиева Лирага кайрылыңыздар.