Эгерде туура таризделген соттук-медициналык экспертиза кимдир-бирөөнүн өмүрүн сактай алса, анда өткөрүлүп жаткан медициналык кароолорго жана экспертизаларга мониторинг жүргүзүү – бул кыйноолорго жана катаал мамиле кылууларга карата кырдаалды жакшыртуу үчүн зарыл чара.

Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун (ММКФ) стратегиялык милдеттеринин бири – бул медициналык жардамдын сапатынын үстүнөн мониторинг жүргүзүү. Буга байланыштуу 2016-жылдын 30-октябрынан тартып, 3-ноябрына чейин Европа Биримдиктин каржылык колдоосу алдында “Сорос-Кыргызстан” фонду, КР Өкмөтүнүн алдындагы ММКФ, Кыйноолордун алдын алуу боюнча КР Улуттук борбору жана Кыргызстанда кыйноолорго каршы коалиция менен бирдикте ММКФ кызматкерлери үчүн медициналык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү адам укугун изилдөө боюнча тренинг өткөрүлүп жатат.

Катышуучуларга кыйноолорду жана катаал мамиле кылууну натыйжалуу документтештирүү боюнча эл аралык стандарттарды изилдөө сунушталууда. Бул темага жооп берүү үчүн “Дарыгерлер адам укугу үчүн” эл аралык уюмунун эксперти Русудан Бериашвили чакырылган.

Тренингдин жүрүшүндө кароодо жана кыйноонун кесепетин документтештирүүдө пайда болуучу этикалык маселелер, ошону менен бирге ар бир медициналык кызматкер тарабынан сакталууга тийиш болгон Стамбул протоколунун стандарттары изилденүүдө.

Мындан тышкары машыктыруучулар кыйноонун жана катаал мамиле кылуунун методдору жана денедеги тактары, дене жаракаттарынын белгилери, аларды сыпаттоо принциптери, интерпретациялоо жана клиникалык маалыматтар боюнча бүтүм чыгаруу тууралуу кеңири маалымат берүүдө.

 Тренинг Стамбул протоколунун стандарттарын изилдөөгө гана эмес, ал түрдүү мамлекеттик институттардын, алардын арасында ММКФ, Кыйноолордун алдын алуу боюнча КР Улуттук борбору, Акыйкатчы Институту, ошону менен бирге Кыйноолорго каршы коалиция сыяктуу жарандык коомдун уюмдарынын  стандарттарынын маалыматтарынын колдонулушуна карата мониторинг куралдарын талкуулоого багытталган.

DSC_0117 DSC_0226 DSC_0210