«Сорос-Кыргызстан» Фонду «Жарандык катышуу» программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын шаар жерлеринде жайгашкан коомдук уюмдар, чыгармачылык топтор жана формалдуу эмес көркөм коллективдер арасында гранттык сынак жарыялайт.

1. Сынактын максаты:

Жарандык катышууларды чыӊдоо жана жарандарды социалдык өнүктүрүү процесстерине камтуу, Кыргызстандын ири жана кичине шаарларындагы социалдык мааниге ээ маселелерине коомдун көӊүлүн бурдуруу үчүн шаар жерлеринде искусство жана маданият тармактарындагы демилгелерге (паблик-арт) колдоо көрсөтүү.

2. Демилгелердин негизги багыттары:

2.1       Коомдук жайлардагы заманбап искусство;

2.2       Перфоманстар жана чыгармачылык иш-чаралардын башка формалары;

2.3       Живопись, графика, фото- жана видео-арт;

2.4       Коомдук жайлардагы музыкалык иш-чаралар.

3. Баалоо критерийлери:

3.1       Идеялардын актуалдуулугу;

3.2       Чыгарылган натыйжалардын жана жыйынтыктардын шаар үчүн ойногон ролун түшүнүү;

3.3       Долбоорлорду түзүүгө жана ишке ашырууга шаар тургундарын (шаар коомчулугун) катыштыруу;

3.4       Жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара иш алып баруу;

3.5       Реалдуу бюджет.

 4. Долбоорлорго коюлган талаптар:

4.1  Долбоордук сунуштар электрондук түрдө долбоордун концепциясы үчүн даярдалган формага ылайык түзүлүшү зарыл жана кыргыз же орус тилдеринде 2017-жылы 7-мартка чейин public.art.kg@gmail.com электрондук дарегине жиберилиши керек.

4.2       Гранттын максималдуу суммасы салыктарды эске алганда: 10 000 АКШ доллар (КРУБ курсу боюнча сом түрүндө).

4.3       Гранттарды берүүнүн жакындаштырылган мөөнөтү: Май 2017-ж.

4.4       Толук толтурулбаган жана көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч жиберилген сунуштар кароого алынбайт.

4.5       Кароого алынган сунуштар рецензияланбайт жана кайра кайтарылып берилбейт.

 Байланыш маалыматтары:

Баглан Мамаев         тел.: (312) 66-34-75 кошумча 104 baglan@soros.kg

Елена Татаркова       тел.: (312) 66-34-75 кошумча 146   etatarkova@soros.kg

images.news.2016.8.Graffiti._DSC0008_555x370