Программа: Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) өнүктүрүү
Конкурстун аталышы: ЖМКларды өнүктүрүү максатында мультимедиялык технологияларды колдоо
1. Конкурстун негизи: Башкы артыкчылыктарынын бири Сөз эркиндиги идеясын илгерилетүү болгон «Сорос-Кыргызстан» фонду «ЖМКларды өнүктүрүү» программасынын алкагында ЖМКларды өнүктүрүү үчүн мультимедиялык технологияларды колдоо боюнча конкурсун жарыялайт.
2. Конкурстун максаты: ЖМКнын аудиториясын көбөйтүү жана өзүнүн келечектеги каржылык абалын жакшыртуу максатында өз материалдарын өндүрүп чыгарууда мультимедиялык мамилени иштеп чыгуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жардам көрсөтүү.
3. Конкурстун милдеттери:
- Жергиликтүү ЖМКлардын жана медиа уюмдардын сапаттуу атамекендик мазмунду (контентти) өндүрүп чыгаруудагы дараметин күчөтүү
- Кыргызстанда жаңы технологияларды жайылтуу жана өнүктүрүү
- Алардын санариптик форматта орун алуусун кеңейтүү
- Өз веб-сайттарын ишке киргизүү
- Онлайн көрсөтүүлөрдү ишке киргизүү
- Материалдарды жаңы форматта өндүрүп чыгаруу
4. Конкурстун шарттары:
Конкурска ЖМКлар катыша алышат. Мыкты идеяларды ишке ашыруу үчүн “Сорос-Кыргызстан” фонду 4 грантка чейин (10 000 АКШ долларынан баштап) бөлүп бере алат.
Конкурс эки баскычта өткөрүлөт:
- Биринчи баскычта долбоордун жалпы концепциясы жана чыгымдардын негизги статьялары менен бюджет гана кабыл алынат.
- Экинчи баскычта тандалып алынган билдирмелер үчүн гана СКФнын гранттык билдирмелеринин формасына ылайык долбоордук сунуштарды берүүгө суроо-талап жасалат, долбоордук сунуштар кагазга басылган жана электрондук түрдө коштомо документтердин толук пакети менен берилет.
5. Конкурстук долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтү: 2017-жылдын 31-декабрына чейин
6. Операциялык/Гранттык конкурстун бюджети: 40 000 АКШ доллары
7. Билдирмелерди тандап алуу критерийлери:
- Чыгармачылык (креативдүүлүк) жана жаңычылдык (инновациялуулук);
- Долбоордун натыйжаларын жайылтуунун масштабдуулугу;
- Долбоорду конкреттүү кырдаалда аткаруунун реалдуулугу;
- Кызматташтык, өнөктөштөрдүн кеңири чөйрөсүн тартуу;
- Долбоорду ишке ашырууда видео жана мультимедиа куралдарын колдонуу;
- Бир нече тилди пайдалануу;
- Долбоор конкреттүү көйгөй маселелерге тиешелүү болуп, конкреттүү натыйжаларга жетишүүсү керек;
- Чыгымдар көз карашынан алганда, долбоордун максатка ылайыктуулугу жана натыйжалуулугу.
8. Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо жол-жоболору:
- Долбоордук сунуштар долбоордун концепциясынын формасына ылайык электрондук түрдө толтурулушу жана almira@soros.kg электрондук дарегине орус же кыргыз тилинде 2017-жылдын 28-февралына чейин (бул күн да кошулат) жөнөтүлүшү керек.
- Толук толтурулбаган же көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин берилген билдирмелер кароого кабыл алынбайт.
- Алынган билдирмелер рецензияланбайт жана кайтарылбайт.
Байланышуучу адам: Альмира Дооронбекова, «ЖМКларды өнүктүрүү» программасынын координатору, almira@soros.kg