Программа: Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) өнүктүрүү

Конкурстун аталышы:  ЖМКларды өнүктүрүү максатында мультимедиялык технологияларды колдоо

1.      Конкурстун негизи: Башкы артыкчылыктарынын бири Сөз эркиндиги идеясын илгерилетүү болгон «Сорос-Кыргызстан» фонду «ЖМКларды өнүктүрүү» программасынын алкагында ЖМКларды өнүктүрүү үчүн мультимедиялык технологияларды колдоо боюнча конкурсун жарыялайт.

2.      Конкурстун максаты: ЖМКнын аудиториясын көбөйтүү жана өзүнүн келечектеги каржылык абалын жакшыртуу максатында өз материалдарын өндүрүп чыгарууда мультимедиялык мамилени иштеп чыгуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жардам көрсөтүү. 

3.      Конкурстун милдеттери: 

  • Жергиликтүү ЖМКлардын жана медиа уюмдардын сапаттуу атамекендик мазмунду (контентти) өндүрүп чыгаруудагы дараметин күчөтүү
  • Кыргызстанда жаңы технологияларды жайылтуу жана өнүктүрүү
  • Алардын санариптик форматта орун алуусун кеңейтүү
  • Өз веб-сайттарын ишке киргизүү
  • Онлайн көрсөтүүлөрдү ишке киргизүү
  • Материалдарды жаңы форматта өндүрүп чыгаруу

4.      Конкурстун шарттары:

Конкурска ЖМКлар катыша алышат. Мыкты идеяларды ишке ашыруу үчүн “Сорос-Кыргызстан” фонду 4 грантка чейин (10 000 АКШ долларынан баштап) бөлүп бере алат.

Конкурс эки баскычта өткөрүлөт:

  • Биринчи баскычта долбоордун жалпы концепциясы жана чыгымдардын негизги статьялары менен бюджет гана кабыл алынат.
  • Экинчи баскычта тандалып алынган билдирмелер үчүн гана СКФнын гранттык билдирмелеринин формасына ылайык долбоордук сунуштарды берүүгө суроо-талап жасалат, долбоордук сунуштар кагазга басылган жана электрондук түрдө коштомо документтердин толук пакети менен берилет.

5.  Конкурстук долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтү: 2017-жылдын 31-декабрына чейин

6.  Операциялык/Гранттык конкурстун бюджети: 40 000 АКШ доллары

7.    Билдирмелерди тандап алуу критерийлери:

  • Чыгармачылык (креативдүүлүк) жана жаңычылдык (инновациялуулук);
  • Долбоордун натыйжаларын жайылтуунун масштабдуулугу;
  • Долбоорду конкреттүү кырдаалда аткаруунун реалдуулугу;
  • Кызматташтык, өнөктөштөрдүн кеңири чөйрөсүн тартуу;
  • Долбоорду ишке ашырууда видео жана мультимедиа куралдарын колдонуу;
  • Бир нече тилди пайдалануу;
  • Долбоор конкреттүү көйгөй маселелерге тиешелүү болуп, конкреттүү натыйжаларга жетишүүсү керек;
  • Чыгымдар көз карашынан алганда, долбоордун максатка ылайыктуулугу жана натыйжалуулугу.

8.    Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо жол-жоболору:

  • Долбоордук сунуштар долбоордун концепциясынын формасына ылайык электрондук түрдө толтурулушу жана almira@soros.kg  электрондук дарегине орус же кыргыз тилинде 2017-жылдын 28-февралына чейин (бул күн да кошулат) жөнөтүлүшү керек.
  • Толук толтурулбаган же көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин берилген билдирмелер кароого кабыл алынбайт.
  • Алынган билдирмелер рецензияланбайт жана кайтарылбайт. 

Байланышуучу адам: Альмира Дооронбекова, «ЖМКларды өнүктүрүү» программасынын координатору, almira@soros.kg