J-Abad_ZQ7A8535

Жалал-Абадда «Жаркын келечек» өкмөттүк эмес уюму бар, мен ага мүчөмүн. Биз «Санарипти кош!» санариптик (цифровое) көрсөтүүсүнө өтүү жаатында маалымат кампаниясын өткөрдүк. Түздөн түз анда 10 миңдей адамды, ал эми кыйыр түрдө телевизорду карагандардын баарын камтыдык. Мен плакатты, баракчаларды алып, базарларда, ал тургай, мал базарда да турдум,санарипке өтүү туууралуу адамдарга түшүндүрүп жаттым. Адистигим боюнча мен экономистмин. Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетин аяктагамын. 2011-жылдан баштап жаштар саясаты багыты боюнча иштейм. Жаш жарандарды өнүктүрүү коомдук фондун жетектедим. Ошондой эле мэриянын Жаштар кеңешинин жана көптөгөн башка облустук кеңешүү комитеттеринин төрагасымын.

Мен ыктыярчылык (волонтерлук) менен алектенем, анткени айланада баары жакшы жагына өзгөрөт деп күтүп отура берүүгө болбойт деп эсептейм. Өзүбүз бир нерселерди жасашыбыз керек. Ар бир тургун мамлекетке жардам бериши зарыл. Эгерде бир адам эле өзүнө ишенбесе, бул миллиондогон адамдардын жеңилиши болуп саналат.