Uzgen_ZQ7A8455_2

«Сорос-Кыргызстан» фондунун «Жерлерди инвентаризациялоо аркылуу Кызыл-Октябрь айыл айылдык аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруунун ачык-айкындыгы жана натыйжалуулугу»  долбоорунун алкагында бизде, Ош облусунда, тактап айтканда Өзгөн районунда,2015-жылдын августунан баштап 2016-жылдын мартын кошо алганда окутуу семинарлары өттү. Долбоордун максаты – натыйжалуу пайдалануу үчүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн дыйканчылыкка иштетүүгө жарактуу жерлерин инвентаризациядан өткөрүү. Мурда жерлерди пайдаланууда ачык-айкындык жок эле, алар кандайча пайдаланылганы, кимге ижарага берилери түшүнүксүз эле. Фонд керектүү жабдуулар менен бизди камсыз кылды, карталар чийилди, буклеттер чыгарылды, биз 2020-жылга чейинки өнүктүрүү программасынын планын алдык. Натыйжада 1298 га жер инвентаризациядан өтүп, картага киргизилди. Эми бардык маалымат санариптик (цифралык) базага жайгаштырылды, алардын баарын картадан дароо табууга болот, бардык жерлер жана алардын чек аралары көрүнүп турат. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча комиссиясынын курамына кирем, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымымын.