bokonbayevo_ZQ7A9006_2

Мен «Сорос-Кыргызстан» фонду менен 2012-жылдан баштап YouthActionFund программасы боюнча иштей баштадым. Долбоор жазып, утуп, аны Тоң районунда Бөкөнбаев айылында ишке ашырдым. Анын маңызы биздин айылдагы үч мектепте ата-энелерге маалыматтарды мобилдүү жөнөтүүнү түзүүдө эле. Андан кийин ошол эле жылы алгачкы жолу катышуучу катары Жаштаркэмпке катыштым. 2014-жылы мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн кесиптер жармаңкесин уюштурдум. 2014 – 2015-жылдары Караколдогу Жаштаркэмпте спикер болдум, долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбам менен бөлүштүм. 2016-жылы Жаштар жумалыгынын алкагында Тоң району боюнча иш-чараларды өткөрдүм: дебаттар өттү, жаштар уюмдары менен меморандумдар түзүлдү, ошондой эле 12 наамда жыл сайын өтүүчү «Мыкты жылдар» сыйлыгы уюштурулду, мисалы, «Мыкты активист», «Мыкты ыктыярчы», «Мыкты мамкызматкер», «Мыкты бизнесмен» ж.б. Долбоорлорду ишке ашыруу инсан катары да, кесиптик өсүүдө да мен үчүн чоң тажрыйба болду. Турмуштук активдүү позицияга ээ болуу канчалык маанилүү экенин аңдап түшүндүм. Ошондой эле жаштардын жарандык процесстерге тартылуусу да маанилүү. Мен 23 жаштамын. Өзүм Бөкөнбаев айылында туулуп, өстүм, Кыргызстандын эл аралык университетине караштуу колледжде «Телекоммуникация» адистиги боюнча окудум, азыр окуумду Политехникалык институтта сырттан улантуудамын. Жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болду, мен биринчи жолу ага ат салышып, биринчи жолу тоң районунда депутат болуп калдым.