bot-sad_ZQ7A0279

Дендрарий – бул ачык асман алдындагы өсүмдүктөрдүн музейи. Ушул жылы «Сорос-Кыргызстан» фондунун жардамы менен бизде дендрарийде Кыргызстан жана Борбордук Азия сектору тазаланды, бүтүндөй дендрарий боюнча өсүмдүктөрдүн аттары жана мүнөздөмөсү менен табличкалар орнотулду, секторлорду көрсөтүп турган багыттамалар илинди, бизде алардын саны – жети, отургучтар, урналар, бактын картасы орнотулду.

Биз календардык план боюнча иштейбиз. Башка аймактардагы өсүмдүктөрдү иликтеп үйрөнөбүз, биздин климатта алар кандай өсөт, эгерде акклиматизация ийгиликтүү болсо, аларды Кыргызстандын жашыл курулушуна сунуштайбыз. Аларды көбөйтүү боюнча тажрыйбаларды сөзсүз өткөрөбүз.

Мен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Гареев атындагы Ботаникалык багынын Жыгач жана бадал өсүмдүктөрү лабораториясында илимий кызматкермин. Илимий иштен сырткары чоң агартуучулук ишмердик кылабыз, биз балдар, студенттер жана башка кызыкдар тараптар үчүн экскурсияларды өткөрөбүз.