Zeinep_ZQ7A7965_2

Мен 1985-жылы Бишкек шаарында жөнөкөй жарандардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Мени жакшы көрүп чоңойтушту, кичинекей кезимен эле кадимки адамдардай кабыл алышчу, менде кандайдыр бир денелик жактан чектөө бар экендигин эч качан сезген эмесмин. Дайыма ушундай турмушта жашоону, ийгиликтерге жетишип, жакшы билим алуу тууралуу кыялданчумун. Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын билим алууга укугу бардыгы тууралуу мурда айтылбагандыктан, мен мектепке 10 жашта гана бардым. Буга биз узак жол басып, күрөшүп жүрүп жетиштик. Ошондо менен муну түшүндүм: тиешелүү тоскоолдуктар бар болгону жакшы экен, анткени бар көйгөйлөрдү кантип чечүү көрүнүп турат эмеспи. Эгерде мен өзүмдүн укугумду бала кезден баштап коргобосом, мен майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кызыкчылыктары чөйрөсүндө иштебей калышым мүмкүн эле. Буга байланыштуу бул абдан зор тажрыйба болду, мен үчүн майыптык тоскоол болбостон, артыкчылык болуп калды деп эсептейм, анткени мен майыптыгы бар көптөгөн адамдарга жардам бере алам. Ошондой эле Борбордук Азиядагы Америка университетинде бакалавр даражасына ээ болдум. Менин адистигим – адамдын жана майыптыгы бар жактардын эл аралык укуктары.

«Сорос-Кыргызстан» фонду менен биз Майып балдардын ата-энелери ассоциациясы (МБАА) аркылуу инклюзивдик билим берүү багыты боюнча төрт жылдан бери иштешебиз. Жакында бул багытта окуу куралын чыгардык. Мен МБААнын программалар боюнчакоординаторумун жана юристимин.