Talas-Muhamed_IMG_6424

Мен «Биригүү кошууну» коомдук бирикмесинде иштейм. Биз «Сорос-Кыргызстан» фонду менен эчактан бери эле иштешебиз, кызматташуунун натыйжасында бизде Талас ички иштер башкармалыгынын алдында коомдук кабыл алуу иштеп жатат. Мен калктын аяр мамилеге муктаж катмарынын кызыкчылыктарын коргойм, аларга пенсионерлер, майыптар, жетимдер, эркиндигинен ажыратуу жайларынан кайтып келгендер, селсаяктар кирет. Мен өзүм Таласта төрөлүп-чоңоюп, ММУга (МГУ) тапшырып, эки курс окудум, андан кийин Мекениме кайтып келүүгө туура келди. 2000-жылдардын башында кайрадан да Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияда окудум. Менин мыкты жубайым, үч балам бар, мен эки жолку чоң атамын.Үй-бүлөбүздө мени ар бир жолу өтө эле көңүлчөөксүң, баарына эле жардам бере бересиң деп жемелешет. Эгерде мен болбосом, анда бул адамдарга ким жардам берет? Ошондуктан мен башкача кыла албайм. Жөлөкпул төлөнүшү үчүн, муктаж болгондордун бирөөлөрүн жатак мектепке, башкаларын карылар үйлөрүнө кабыл алуу үчүн түрдүү инстанцияларга жүгүрөм, документтерди чогултам.

Мындай бир окуя болду – үй-бүлөнүн биригишине жардам бердим. Баласы Таласта селсаяктык кылып жүрдү, анын үй-бүлөсү мурда эле Россияга туруктуу жашоого кетип калган эле, аны өлүп калды деп жүрүшкөн. Үй-бүлөсү менен байланышуу маалыматтарын таап, паспортун кайра алып, билет сатып берип, поездге отургузуп койдум.Азыр апасы менен жашайт, апасы аны пирожкилер менен багып жатат.