IMG_5455_warm

Мен мектепти быйыл аяктадым, 20 жаштамын. Мурда ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын билим алуусу кыйын эле. Азыр жеңил болуп калды, бирок баары бир абдан көп нерсени жакшыртуу зарыл. Апам гезиттен IT-академияга студенттерди алуу тууралуу кулактандырууну окуптур, ага тапшырууну чечтим. Мен университеттерге тапшыра алган жокмун, анткени ЖРТ (ОРТ) боюнча өтүү балым жетпей калды, бирок мен ага капа болгон жерим жок. Өзүм компьютерде иштегенге үйрөндүм, бир нерсеси бузулуп калса, аны түшүнгөнгө тааныштарыма, досторума жардам берем. Муну менен акча табууга эбак эле убакыт келди деп апам күлөт, бирок мен акча алгым келбейт. Мага программалоо  абдан жагат. Сабактар октябрда башталып, күндө болууда. Баары болуп окуу он айга созулат. Окуу аяктагандан кийин диплому бар адис болуп калам. Биздин Кара-Жыгач айылыбыздан Бишкеккеокууга мени улуу агам алып келип, сабак аяктаганда алып кетет.

Мен англис тилин бир топ жакшы билем, мектепте окуган кезде Борбордук Азиядагы Америка университетинен ыктыярчылар келишип, мени менен иштешчү. Ошондой эле шахматты да жакшы ойнойм, бирок азыр ойнобойм, программалоо менен алек болуп калдым. Келечек – маалымат технологияларында экендигине ишенем.