Naryn_boy_ZQ7A8818

Нурдин –Нарын шаарындагы бала. Ал сегиз жашта.Ал «оор жүрөк кемтиги» диагнозу менен төрөлгөн. Анын жүрөгү оң жагында, оң колу жакшы өнүккөн эмес.

Нурдиндин ата-энеси Зумрад менен Мирлан иштешпейт. Үй-бүлөдө төрт бала бар. Алар негизинен Нурдиндин жана анын атасынын майыптык боюнча жөлөкпулуна жашашат, кээде бир аз акча иштеп табышат. Нурдиндан апасы Зумрад мынтип айтып берди: «Анын 7ге толушун мен коркуу менен күтүп жүрдүм, анткени бизде мектептер майып балдарды каалап күткөн жери жок». Бир жолу Нурдинди Нарындагы №7 орто мектептеги Ресурстук борборго сабакка чакырышты, ал «Сорос-Кыргызстан» фондунун каржылоосу менен ачылган эле. Ресурстук борбордун мугалими Сайнагүлэже аны менен ар күнү иштеп, кыска убакытта мектепке барганга даярдай алды. Учурда бул бала №7 мектептин биринчи классында окуйт. «Мен математиканы жакшы көрөм, келечекте врач болгум келет», — дейт Нурдин.