Talas_Besh-Tash_IMG_5965

Кыргыз улуттук агрардык университетти, Агрономия жана токой чарбасы факультетин “Токой инженериясы” адистиги боюнча аяктагам, мен 28 жаштамын. Талас облусундагы “Кара-Буура” жаратылыш паркында 2014-жылдан бери иштейм. Биздин штатыбызда 26 адам, жаратылышты коргоодо 18 адам бар. «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен биз ишке ашырып жаткан долбоордун максаты –Кыргызстандын Кызыл китебиндеги тизмеге кирген жоголуп кетүү коркунучундагы жаныбарлардын санын сактоо жана алардын жашоо аймагын кеңейтүү. «Сорос-Кыргызстан» фонду бизди сүрөткө тартып калуу аппараттары жана GPS-навигаторлору менен камсыз кылды. Сүрөткө тартып калуу аппараттары жаныбарлардын орун которуусун, алардын санын белгилеп турат. Ошондой эле алар мыйзамсыз аңчылар (браконьерлер) менен күрөшүүгө жардам берет, анткени жергиликтүү тургундар жашыруун аңчылык учурунда алар сүрөткө тартылып калышы мүмкүн экендигин билишет. Азыр мыйзамсыз аңчылар 70-80%га азайды. Биз колдонгон сүрөткө тартып калууда сүрөттү MMS-маалымдоо түрүндө телефонго түз жөнөтүү кызматы бар. Мындан коркуп калышты.

Мен өзүм Кара-Буура айылынанмын. Мен ушул жерде иштейм жана жашайм, анткени бул – мен төрөлүп-өскөн жер. Бул жерде менин үй-бүлөм жашайт. Айлана-чөйрө менен иштөө абдан кызыктуу. Мен тоолордо жүрөм, жапайы жаныбарлардын турмушуна күбө болом –мындайды күндө көрүүгө болбойт. Табиятты коргоо Мекенди коргоо менен барабар деп айтышат. Армияда кызмат кылбаганыбыз менен, Ата-Мекенибиздин жаратылышын коргоп жатабыз.