doctor_IMG_5582_2
Мен «Эргэнэ» коомдук фондунда 2014-жылдын декабрынан бери иштейм. Биздин уюм акыркы бир канча жыл ичинде «Сорос-Кыргызстан» фонду менен паллиативдик жардам берүү кызматын көрсөтүү,ооруну басаңдатчуларды алуу мүмкүнчүлүгүн адвокациялоо (таасир этүү боюнча коомдук кампания), паллиативдик жардам берүү тууралуу калкка маалымдоону жакшыртуу иштерин өткөрүү, паллиативдик жардам берүү программаларын каржылоону адвокациялоо боюнча ж.б. демилгелердин алкагында тыгыз жана жемиштүү кызматташат.
Кыргызстанда азырынча ооруканадан сырткаркы паллиативдик жардам берген үч гана команда бар,биздики менен алардын экөө Бишкекте, үчүнчүсү — Ошто. Иштин жүрүшүндө биздин команда пациенттердин ооруну басаңдатчуларды, таблеткаланган морфинди чектелген алуу мүмкүнчүлүгү, пациенттин жана анын үй-бүлөсүнүн оор психикалык жана эмоционалдык басымга туш болуусу жаатында көптөгөн татаал маселелерге жана тоскоолдуктарга туш болууда. Мындан сырткары, биздин өлкөдө көпчүлүк адамдар өлүмгө алып келүүчү оорулар менен байланышкан маселелерди ачык талкуулаганга жана кабыл алганга азырынча даяр эмес, табу бар, анткени калк жалпысынан паллиативдик жардам берүү тууралуу жетиштүү маалымдалган эмес. Биз паллиативдик жардам берүү программалары жакынкы аралыкта мамлекет тарабынан колдоого алынат жана каржыланат, биз ал жардамды Кыргызстанда бардык жерде, туруктуу негизде көрсөтө алабыз деп үмүттөнөбүз.