ZQ7A0185_2

Менин эки балам бар. Улуусу – Саша, ал 11 жашта, психикалык оору менен жабыркайт. Ал абдан көп убактысын ооруканада дарылануу менен өткөрөт. Мен жолдошум менен ажырашып, ата-энемдин үйүнө баргам, үй абдан начар абалда эле. 2016-жылдын башында биздин Ленинское айылыбызда иштеген «Үй-бүлө жана коом» коомдук бирикмесине жардам сурап кайрылдым. «Сорос-Кыргызстан» фонду жана HABITAT, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн мыкты турак жай мүмкүнчүлүктөрүн түзүү тууралуу билдим. Үйдөгү абал алардын өзүн кандай сезүүсүнө таасир этет, ошондуктан ыңгайлуу шарт абдан маанилүү.

Бизге капиталдык ремонт жасап беришти, үйүбүздү жылуулашты, жаңы терезелерди коюштужана сууну ысытуу үчүн бойлер сатып беришти. Биз канчалык ыраазы болгонубузду сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Азыр үйүбүз жылуу, жайлуу, менин балдарым өздөрүн абдан ыңгайлуу сезип жатышат.