Мультимедиалык, конвергенттүү редакция маалыматты интернет аудиториясы, өзгөчө социалдык тармактар үчүн ыңгайлуу форматта таратуу менен алектенет.

“Ынтымак” коомдук-регионалдык телерадиокомпаниясынын базасындагы бул бөлүм “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “ММКны өнүктүрүү” программасынын колдоосу менен түзүлдү.

Долбоордун жетекчиси, “Ынтымактын” программалык директору Акылбек Орозматовдун айтымында, маалымат агымынын көптүгү жана технологиялардын өнүгүшү менен заманбап аудитория кыска, так, жөнөкөй тилдеги маалыматтарды талап кылууда.

“Аудиториянын басымдуусу социалдык тармактарга кетип жатат. Эми биздин милдет салттуу ыкмалар – ТВ жана радиодон сырткары веб-сайт жана соцтармактар аркылуу да аудитория менен байланыш түзүү. Бул платформалар аркылуу аудиторияга өзү каалаган форматта маалыматтар жеткирилет. Ал үчүн бизде мультимедиалык редакция түзүлдү”, — дейт Орозматов.

Долбоор алкагында мультимедиалык редакция социалдык тармактар үчүн жаңылык, окуяларды бир мүнөткө жетпеген кыска видеолор аркылуу көрсөтүп берет. Мындан сырткары “Ынтымак” телеканалынын “Кабарлар” маалымат программасындагы күндүн негизги окуялары видеоинфографикалар менен толукталат. Yntymak.kg сайтында маалыматты визуалдаштырууга басым жасалып, инфографика, картография, лонгриддер жарык көрөт.

“Маалыматты берүүнүн бул ыкмалары натыйжалуу. Мультимедиалык редакция түзүлгөн бир айда эле биздин 20дай микровидеолорду “Фейсбук” жана “Одноклассники” социалдык тармактарында 30 миңдей адам көрдү. Башталыш үчүн бул жаман эмес”, — дейт долбоор жетекчиси Акылбек Орозматов.

“Ынтымак” Кыргызстандагы эле эмес, Борбор Азиядагы жападан жалгыз коомдук регионалдык-телерадиокомпания. Көп тилдүүлүк (кыргыз, орус, өзбек) – компаниянын дагы бир өзгөчөлүгү. “Ынтымак” — ТВ, радио, гезит, сайт жана социалдык тармактар аркылуу маалымат таратып, конвергенттик редакция принциби менен иштеген медиахолдинг.