Сорос-Кыргызстан» Фондунун «ЖМКны өнүктүрүү» программасы редакциялар аралык алмашуу программасынын алкагында Бишкектеги редакцияларды кызматташууга чакырат. Алмашуу – бул фотографиялоо, материалдарды визуалдаштыруу, сайттар менен иштөө, видеотартуу, SMM жана видеону редакциялоо сыяктуу техникалык көндүмдөргө басым жасап, 2 ай аралыгында үч аймактык журналистти үйрөтүүчү аянтча жана ментор менен камсыздоо (2017-жылдын 15 июлунан 15-сентябрына чейин).

Өздөштүрүлгөн көндүмдөрдү пайдалануу менен эки материалдан кем эмес басылма/чыгарылыш — стажировканын натыйжасы болуп эсептелет.

Конкурска катышуу үчүн АКШнин 6000 долларынан ашпаган бюджети, журналист-стажерду окутуу программасынын кыскача сыпаттамасы, ментордун резюмеси менен коммерциялык сунуштарды жөнөтүүңүздү суранабыз. Стажерлердун жалпыга жеткиликтүү девайстар жана тиркемелер менен иштөө боюнча техникалык көндүмдөрүн жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн берген сунуштар өзгөчө колдоого алынат.

Журналист-стажерлор конкурстук жол менен тандалууга, тандоо комиссиясынын мүчөсү эксперт же СКФ программасынын кызматкери болууга тийиш. Редакция журналист-стажердун Бишкекте жашоо шарттарын жана тамактануусун камсыз кылууга тийиш.

Конкурска катышуу үчүн коммерциялык сунушту, кыскача программаны жана менторлордун резюмелерин office@soros.kg электрондук дарегине 2017-жылдын 27-июнуна чейин, темасын «ЖМК үчүн конкурс” деп белгилеп жөнөтүүңүздү суранабыз. Бардык суроолор боюнча 0770183493 номери боюнча (Айнагүл Абдрахмановага) чалууңузду суранабыз.

 

Алынган билдирмелер рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт.