Кыргызстанда биринчи жолу жогорку класстан окуучулары, абитуриенттер жана биринчи курстун студенттери химия сабагы боюнча кирүү сынактарына жана өтүмдөргө даярдануу үчүн «Онлайн химия сабактары» деп аталган онлайн ресурсу аркылуу мүмкүнчүлүк алышат

 СТАТИСТИКА ЖАНА МАСЕЛЕНИН СҮРӨТТӨЛҮШҮ

Кыргызстанда 2197ге жакын  мектеп бар, анын ичинен 1410го  жакыны окутуу  кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер жана 56 ЖОЖдун ичинен 16 ЖОЖдо химия предмети профилдик болуп эсептелет. Жалпы республикалык тестирлөө боюнча 14290 окуучунун 4407 химия боюнча босого упайынан жогору упай алган, бул болсо тест тапшыргандардын 69,16%  абитуриент каалаган ЖОЖна тапшыруу үчүн керектүү упайды топтой алган эмес дегенди билдирет. Демек, 8-11-класстын окуучулары химия предметинен кыргыз тилинде жетишерлик билим ала алышпайт, мектептин бүтүрүүчүлөрү жакшы базалык билимге ээ болбой туруп өздөрү каалаган дарыгер, хирург, медайым, ветеринар, зоотехник, эколог жана башка кесиптерге ээ боло алышпайт. Көптөгөн биринчи курстун студенттери окууга киргенде кыргыз тилиндеги окуу китептеринин жана окуу куралдарынын жетишсиздигинен кыйналышат жана окуудан чыгып калып, кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн жоготуп албоо үчүн билим алуудагы бул боштукту өз алдынча толтурууга аракеттенишет.

БИЗДИН ИНТЕРНЕТ-РЕСУРС КИМГЕ ЖАРДАМ БЕРЕ АЛАТ?

2017-жылдын 1-августунан тартып жогорку класстын окуучулары, абитуриенттер жана биринчи курстун студенттери үчүн «Сорос – Кыргызстан» фондунун колдоосу менен түзүлгөн “Онлайн химия сабактары” деген интернет-ресурсу жеткиликтүү боло баштады. Онлайн курсу төмөнкү веб-даректе жайгашкан                                                                                                                                                          www.himiya.net.kg жана долбоордун ишке ашырылышынын 10 ай ичинде түзүлгөн. Азыркы учурда онлайн курсу штаттык режимде иштеп жатат жана интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар жер шарынын кааланан жеринен сутканын каалаган убагында потенциалдуу бенефициарлар үчүн сайттагы бардык контент жеткиликтүү. Каалаган адам кыргыз тилинде химия сабагын өздөштүрүүгө, сайттын ар бир бөлүмүндө жайгашкан ар түрдүү тестик тапшырмаларга таянып өзүнүн билимин текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Фэйсбукта да ресурстун бөлүмү бар. Потенциалдуу бенефициар ар бир теманын материалын видео сабак көрүү аркылуу өздөштүрө алат.  «Онлайн химия сабактары» сайтынын структурасы түшүнүктүү  интерферейске ээ жана 4 аталыштагы чоң бөлүктөрдү камтыйт: 8-класс, 9-класс, 10-класс, 11-класс. Бул бөлүктөрдүн ар биринин бөлүмдөрү бар.Мындай бөлүмдөр сегизинчи класста — 7, тогузунчу класста —  8, онунчу класста —  10, он биринчи класста – 8.  Мына ошентип, сайттагы окуу программа төрт чоң бөлүктөн, отуз үч бөлүмдөн жана жүз кырк беш сабактан турат. Биздин команда сайттын түзүлүшүн жаш интернет колдонуучуларга изденип окуу үчүн интуитивдик түшүнүктүү жана ыңгайлуу иштеп чыкканга аракет кылды. «Онлайн химия сабактары» сайты абитуриенттер, жогорку окуу жайдын студенттери, медицина факультетинин студенттери үчүн популярдуу интернет-ресурс болоруна ишенебиз. Белгилей кете турган болсок бул  сайт Кыргызстанда биринчи жолу мамлекеттик тилде чыгып жатат.