Бишкекте 21 баштап 24-сентябрга чейин Эл аралык көчө театр фестивалы болуп өттү. Бул маданий иш-чара «Место Д …» театр тарабынан уюштурулуп жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен өттү. Дубовый паркында жана Эркиндик бульварында 4 күндун ичинде 100-дөн ашык артистер катышып, шаар тургундарына жана конокторуна озунун көркөм окууларын, спектаклдерин, постановкаларын жана музыкалык чыгармаларын көрсөтүштү.

Иш-чаранын максаты — бардык жарандарды бириктирүү жана шаардык чөйрөгө камкор мамиле түзүү.