БДССУнун (Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму) билдирүүсү боюнча, дүйнөдө жыл сайын аба булгануудан 2 миллионго жакын адам өлөт. Абанын сапаты Кыргызстан үчүн олуттуу көйгөй болуп саналат. Өлкөнүн бардык зыян  заттардын абага ыргытылышынын 50%дан  ашыгы Бишкеке тийет. Адистердин айтымында, унаалардын саны шаар мүмкүнчүгүнөн  10  жолу ашуун , өткөн 20 жылдын ичинде  транспорт каражаттары 1000% көбөйгөн. Машиналар 80-90% зыян чыгарууну берет жана дарактардын кыйылуусу  абанын тазалоосуна татаалдык жаратат.

«Европа биримдигиндеги өлкөлөрүндө абанын булганышы жөнүндө маалыматтарга ылайык, булганган аба менен шартталган эрте өлүмдүн чон үлүшү 2.5-10 (PM2.5, PM10)микрон өлчөмдөгү катуу бөлүкчөлөргө туура келет », — дейт инженер-эколог Бактыгуль Стакеева.

БДССУнун билдирүүсү боюнча, өпкөдөгү катуу бөлүкчөлөр дем алуу жана жүрөк-кан тамыр ооруларына себеп болот.

Ошондуктан, коомдук бирикме «Мувгрин» жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «Бишкетеги аба» долбоорун демилгелеген.

«Биздин максат — борбордогу абанын сапаты боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү жана коомчулук арасында маалыматтарды таратып, жарандарга шаардын абасы бузулганы жөнүндө билгизүү ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын денгээлинде бул кырдаалды өзгөртүү үчүн иш-аракет кылууга даяр болуу», —дейт «МувГрин» коомдук бирикмесинин директору Мария Колесникова.

Бул долбоордун алкагында «Көк асман» бирикмеси  менен биргеликте «Aba.kg» аттуу  мобилдик колдонмо иштелип чыкты. «Aba.kg» колдонмосунда атайын сатып алынган аспаптар менен  текшерилген абанын бузулушун байкоо болот. Долбоордун биринчи жыйынтыктары 2017 жылдын Ноябрь айында билинет.