10-октябрда «Сорос-Кыргызстан» Фонду Дүйнөлүк психикалык саламаттык сактоо күнүнө арналган пресс-бранч өтткөрдү. Иш-чарада  психикалык жактан жабыркаган адамдардын жашоо сапаты, ошондой эле Кыргызстанда психикалык саламаттыкты сактоо кызматын өнүктүрүү менен кырдаалды жакшыртууга багытталган долбоорлору жөнүндө талкуулоолор болду. Иш-чарага  өнөктөш коомдук уюмдары катышты : Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин атынан Гуласыл Сутуева , «Сорос-Кыргызстан» Фондунун атынан Айбек Мукамбетов, «Үй-бүлө жана коом»  бирикмесинин атынан Лилия Пантелеева, КФ «Турак жай өнөктөштүгү» атынан Акылбек Тойгонов, «Психикалык саламаттык жана коом» бирикмесинин атынан Бурул Макенбаева. Пресс-бранчта  бардык катышуучулар «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен ишке ашкан долбоорлордун жыйынтыктары менен бөлүштү. Акылбек Тойгоновдун айтуусунда  «От прав к возможностям» долбоорунун алкагында «Турак жай өнөктөштүгү» коомдук фонду психикалык  жактан ооруган үй-бүлөө мүчөсү бар үй-бүлөлөрдүн турак жай шарттарын жакшыртып, 10 жылдан бери 100дөн ашык үй-бүлөгө турак жайын авариялык абалдан сактап калганга жардам берип, эӊ башкысы — бейтаптын психикалык абалын жакшырткан.

Ошондой эле иш-чарада маалымдоонун темалары жана сюжеттерге материалдар жөнүндө талкуулоо болду.