Бишкекте жаштар үчүн жеке мини гранттар YAF (Youth Action Fund) сынактын жеңүүчүлөрү үчүн эки күндүк тренинг өттү. Бул жылы сынакка 77 адам катышып, бирок алардын ичинен 10 гана жеңүүчү болуп табылды. Эки күндүн ичинде жаш жарандык активисттери өз долбоорлорун социалдык тармактарда жылдыруу жана долбоорлордун жыйынтыгы боюнча финансылык жана программалык  отчетторду түзүүнү үйрөнүштү. Ошондой эле тренингтин алкагында «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине активисттер үчүн экскурсия уюштурулган, анкени быйыл YAF сынагы адам укуктарына арналган.

YAF сынактын жеңүүчүлөрү жана алардын долбоорлору:

Алия Жолдошбекова — «Женское счастье» Талас ш.;

Аброр Кургонбой угли — «Дети наше будущее» Жалал-Абад обл., Арстанбап айылы;

Бектур Абдрасулов — «Правовая школа через форум театр в Чон-алайском районе» Ош. обл., Чон Алай р.;

Дастан Умотбай уулу — «Защитим девушек от ранних браков» Ош обл., Ынтымак айылы;

Меерим Нурбекова — «Защитим  женщин от домашнего насилия» Нарын шаары;

Асан Кубанычбек уулу — «Равный мир» Ош шаары;

Гульзода Юсупова  — «Права человека через форум театр» Лейлек р., Андарак айылы;

Наталья Могуева — «Молодежный стрит-арт проект «Мы за права человека» Ысык-Көл обл., Каракол шаары;

Раида Токтоева — «Уличные постановки против насилия в отношении девочек» Ысык-Көл обл., Каракол шаары;

Асель Кубанычбекова — «Снижение рисков материнской смертности среди женщин, проживающих за чертой бедности через создание «Мастерской женщин “She starts”»  Бишкек шаары.

Кыргызстан – Жаштар Демилгелерин Колдоо Фонду (Youth Action Fund) Ачык Коом Фонддорунун «Жаштар Демилгелери» программасы тарабынан түзүлгөн. Программанын максаты ачык коом идеалдарын илгерилетүү максатында көп сандагы курбуларын мобилизациялап жана аларга таасир бере ала турган жаштардын кичи топторун аныктоо, аларга дем берүү жана колдоо көрсөтүү болуп саналат. Ар жыл сайын YAF 14 жаштан 29 жашка чейинки курактагы жеке жактар үчүн «Жаштар үчүн жеке мини гранттар» сынагын жарыялайт. Гранттын бюджети 200дөн 2000ге чейинки АКШ долларын түзөт.