Макала бул жакта жарыяланган https://sptnkne.ws/fTBR

Караколдо демилгелүү жаштар «стрит-арт» ыкмасы менен көп кабаттуу үйлөрдүн дубалына түркүн сүрөттөрдү тартышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чараны жергиликтүү активист Алена Хоменко Let’s color долбоору аркылуу демилгелеп, «Сорос Кыргызстан» фондунун колдоосу менен ишке ашкан.

«Мындай идея мурда эле жаралып, бирок аны жүзөөгө ашырууга мүмүкүнчүлүк болбой келген. Сүрөттөрдү мен, жолдошум жана жергиликтүү сүрөтчү болуп үчөөбүз тартабыз. Муну менен биз шаарыбызды жарык жана көрктүү кылууга бел байладык. Үңүрөйгөн күңүрт түстөгү үйлөрдөн тажап калганбыз», — деп жылмайды Хоменко.

Сүрөттөрдө социалдык мүнөздөгү темалар камтылган. Мисалы Кызыл китепке кирген аркар жана ак илбирсти көрүүгө болот. Планетаны кармап турган үч кол айлана чөйрөнү коргоо дегенди түшүндүрөт. Ак чардакка жанаша турган кыз — патриоттулук жана салттагы эркиндик. Жел кайык болсо жаштардын билимге умтулуусун көрсөтөт.

«Let’s color» долбоорунун командасы бүгүнкү күндө жети үйдүн дубалына сүрөт тартууга жетишти. Жалпы жонунан 30га жакын турак-жайдын ээлери кайрылышкан. Тилекке каршы бюджет баарына жете бербейт. Бирок демилгечилер алдыда шаарлардын баарын боёп чыгууну пландап жатышат.