Ноябрдын биринчи жарымында ReadBishkek чыгармачыл тобу жана Республикалык К. Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасы (РБϴК) менен биргеликте 3-адабий фестивалы өткөрүлдү. Китепфест-2017 чыгырмачыл, китеп окууга кайдыгер карабаган, демилгелүү, талыкпай окуган инсандар үчүн уюштурулду. Бул фестивалдын алкагында 2 панелдик талкуулоо өткөрүлүп, Бишкек шаарынын заманбап шартында чыгармачыл демилгелер талкууга алынды жана ошондой эле «Менин каарманым» темасы боюнча каалоочулар жеке ой пикирин ортого салышты. Ошол эле тапта, балдар учун кызык оюндар, балдар китебин окуу деген сыяктуу программалар өткөрүлүп, Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин колдоосу менен илимий-коӊул ачуучу «Maker Space» чакан иш чарасы уюштурулду. Ошону менен бирге «Менин каарманым» балдар сүрөт конкурсунун жеӊүүчүлөрү аныкталды. Аталган конкурс жаш балдар аудиториясында абдан популярдуу болуп, 100 ашуун сүрот конкурста ат салышты. Жюри тарабынан эӊ жакшы 20 сүрөт тандалып, алардын 3ү баш байгеге ээ болду. Ал эми 17си, ыйгарылган сертификат жана ар түрдүү сыйлыктарды ээлешти. Фестиваль башталып аяктаганга чейин китепкана фойесинде «Раритет» китеп дүкөндөрү, «Баластан» балдар интерактивдуу журналы, «Шоокум» илимий маалымат журналы жана башкалар катышкан китеп жарманкеси өтүп жатты. Фестиваль ачык микрофон менен аягына чыкты. Ачык микрофондо ар бир конок, катышуучу, ар бир каалоочу өзүнүн жакшы көргөн авторунун же болбосо өз калемине таандык ырларын окуу, музыкалык чыгармаларын аткаруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Фестиваль «Сорос-Кыргызстан» фонду, ЮНИСЕФ Кыргызстан, «Раритет» китеп дүкөндөрү жана «Kyrgyz Organic» компаниясынын колдоосу менен өттү.