10-декабрь Адам укуктары күнүнө карата мектеп окуучуларына жана студенттерге «Менин укугум бар!» чыгармачылык сынак жарыялайбыз
Сынактын максаты – жаштардын укуктук маданиятын кѳтѳрүү жана укуктук билимин жогорулатуу.
Кандай сыйлыктарды ута аласыз?
1 орун – Планшет Philips;
2 орун — Фитнес-браслет Xiaomi;
3 орун — Power Bank Xiaomi;
4 и 5 орундар – бизден өзгөчө белектер.
Сынактын шарттары — адам укуктары жөнүндө негизги факттарын чагылткан сүрөт жана ураан,мисалы, «Менин билүүгө укугум бар!», «Менин сүйүүгө укугум бар!», «Менин билим алууга укугум бар!» ж.б.
Эмгектердин форматы: калем менен же компьютердик графика колдонулуп тартылган сүрөт, фотоколлаж, макет.
Даяр сынактык эмгектериңизди office@soros.kg почтасына жөнөтүңүз, жана каттын темасына «Конкурс «Имею право!» деп жазууңуз зарыл. Аты-жөнүңүздү, университет/мектеп, класс, шаар, жана байланыш номурларын жазганды унутпаңыз!
3-декабрь сынактык эмгектерин берүү акыркы күнү.
4-декабрда сынактык комиссия 10 мыкты сүрөтүн тандайт, анан биз аны Фейсбуктагы Фонд «Сорос-Кыргызстан» баракчасына жайгаштырабыз. Кайсы сүрөт эң көп «Мне нравится» белгисин чогултса-ошол жеңүүчү деп аныкталат.
11-декабрда жеңүүчүлөр билинет.
Кененирээк бул 0312 663475 (122) телефон аркылуу биле аласыз.
Ийгилик каалайбыз!