Макала бул жакта жарыяланган www.azattyk.org/a/28919574

Кыргызстандагы «Медиа полиси институту» коомдук фонду бүгүн өлкө элинин медиа сабатынын деңгээлин, маалымат алуу булактарын баалоо боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Аны менен уюмдун директору Бегаим Үсөнова тааныштырды.

Социологиялык иликтөөнү «Медиа полиси институту» «Сорос-Кыргызстан» Фондунун буюртмасынын негизинде жүргүзгөн.

Иликтөө быйыл 1-сентябрдан 30-ноябрга чейин Кыргызстандын жети облусунда жана эки шаарында жүргүзүлүп, сурамжылоого жалпысынан 1200 киши катышкан. Ага негизинен 16 жаштан жогору кыргыз, орус, өзбек тилдүү жарандар тартылган.

Респонденттердин 94,5 пайызында телевизор, 67,7 пайызында смартфон, 40,5 пайызында жөнөкөй телефон, 23, 7 пайызында компьютер, 0,3 пайызында букридер бар экени белгилүү болду.

Маалыматка караганда, жөнөкөй телефон көтөргөндөрдүн көбү улгайган жарандар.