2017-жылдын 21-ноябрында биз Кыргызстанда мектеп окуучулары жана студенттер арасында «Менин укугум бар!» сынагын жарыялаганбыз. Сынактын максаты – жаштардын укуктук маданиятын кѳтѳрүү жана укуктук билимин жогорулатуу болчу. Сынактын шарттары боюнча катышуучулар адам укуктары жөнүндө негизги факттарын чагылткан сүрөт тартып бизге  жөнөтүүсү болду. Бул жылы сынакка 100дөн ашык эмгек иштери түшүп, анын эң мыктысын биздин facebook-баракчабыздагы окурмандар өз добушун берип тапкан.

Сынактын жеңүчүүлөрү:

1 орун — Жанайым Зарылбек кызы. №9 мектеп, 7 класс. 421 «Мне нравится» белгисин чогулткан, сыйлык-планшет Philips;

2 орун— Сымбат Токонова. №47 мектеп, 7 класс. 106 «Мне нравится» белгисин чогулткан, сыйлык-фитнес-браслет Xiaomi;

3 орун — Эркеайым Кыдыгалиева. №73 мектеп, 6 класс. 80 «Мне нравится» белгисин чогулткан, сыйлык-power bank Xiaomi;

4 орун — Дария Сатаева. №67 мектеп, 5 класс. 77 «Мне нравится» белгисин чогулткан, шыктандыруучу сыйлык – чоң англисче-орусча-кыргызча сөздүк;

5 орун — Разакбек Бактагулов. КРСУ студенти. 69  «Мне нравится» белгисин чогулткан , шыктандыруучу сыйлык – чоң англисче-орусча-кыргызча сөздүк.

Бардык мектеп окуучуларына жана студенттерге сынакка активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.