«Клооп Медиа» коомдук бирикмеси жана kloop.kg маалыматтык порталы 2006-жылы Кыргызстанда профессионалдык журналистиканы өнүктүрүү максатында негизделген. Kloop.kg басылмасы үч тилде (кыргыз, орус жана өзбек) жаңылыктарды, фичерлерди, иликтөөлөрдү, фото жана видео репортаждарды чагылдырат. Сайттын үстүнөн жаш журналист жана редакторлор иштешет. Алардын көпчүлүгү Клооптун журналистика мектебинин бүтүрүүчүлөрү. Буга чейин Клооптун кеңсеси Бишкекте гана жайгашып, ишмердүүлүк жүргүзүп келген. «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен 2017-жылдын 18-декабрында, Ош шаарында Клооптун журналистика мектеби жана түштүк аймагындагы жаңылыктарды жеринен чагылдырууга Клооптун Оштогу Бюросу ачылды.

Биздин максат:                                 

Кыргызстандын түштүгүнө Kloop.kg нин өз алдынча кабар бюросун ишке киргизүү менен аймактагы эң маанилүү окуяларды түштүк аймагына жана бүткүл өлкөгө сапаттуу чагылдыруу. Ошондой эле жаштарды журналистикага окутуу аркылуу медиабилимдүүлүктүн деңгээлин жогорулатуу.

Биздин милдет:

  1. Аймакта өз алдынча кабар бюросун ишке киргизүү менен анын алдында журналистика мектебин ачуу жана анын потенциалын бекемдөө.
  2. Аймактагы кесипкөй журналисттик кадрлардын жетишсиздигин толуктоо максатында жаштарды жаңылык, репортаж, видео жана мультимедиялык контентти даярдап чыгарууга үйрөтүү.
  3. Жергиликтүүлөр жана Кыргызстандын жалпы тургундарына маанилүү делген окуяларды боюнча сапаттуу бейтарап контент жаратуу. Анын ичинде жаңылыктар, фичерлер, видеорепортаждар, түз эфирлер жана иликтөөлөр бар.

Клооп 2007-жылдан бери жаштарды журналистикага окутуп келе жатат. Бул убакыт аралыгында Клооптун кеңсесинен жүздөгөн жаштар бүтүрүүчү болуп чыкты. Алардын айрымдары Клооптун бүтүрүүчүсү —  кесиби аркылуу Кыргызстандын түрдүү ММКларында иштеп жатышат жана маалымат агенттиктеринен кабарчылык жолун басып өтүп, жаңы басылмаларда редакторлукка чейин жетишти. Клооптун бүтүрүүчүлөрүнүн көбү эл аралык басылмалар менен кызматташып, кээ бирлери чет өлкөлөргө чыгышып, медиа багытында эмгектенүүсүн улантышууда.