2018-жылдын 17-февралында Бишкекте  «Сорос–Кыргызстан» Фонду тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформасынын алкагындагы жаңы кодекстеринин жана мыйзамдарынын презентациясы» аттуу маалыматтык семинары болуп өттү.  Ачык лекция форматында өткөн иш-чарага жүзгө жакын КРнын Адвокатурасынын,  КРнын Акыйкатчы институтунун, Кыйноолорду алдын алуу боюнча КРнын Улуттук борборунун  жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Эксперттик жумушчу тобунун мүчөлөрү жана эл аралык эксперттер сот реформасынын төмөнкү негиздери жөнүндө айтып беришти:

  1. Кылмыш-жаза мыйзамдарынын реформасынын негиздери. Кыргыз Республикасынын жаңы Кылмыш кодекси.
  2. Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодекси: жоруктар жөнүндө түшүнүк жана жоруктар үчүн болгон жаза.
  3. Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодекси.
  4. Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин негизги новеллалары.
  5. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу кодекси.
  6. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамы.

«Бул семинардын максаты — сот реформасын жылдыруу жана анын туруктуулугун камсыз кылуу. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү гумандаштырууга багытталган сот реформасынын философиясын жана концепциясын түшүнүүсү үчүн абдан маанилүү.  Ошондуктан «Сорос-Кыргызстан»  Фонду башка уюмдар жана донорлор менен биргеликте мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн окутуу үчүн соттор, прокурорлор, ИИМдин кызмакерлери жана башкаларга бир катар тренингдерди өткөрдү. Сот реформасын туура ишке ашыруу үчүн, анын маанисин түшүнүү зарыл», — дейт Тахмина Ашуралиева «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Укуктук программасынын координатору.

Эске салып кетсек, 2017-жылы «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен соттук-укуктук реформасы боюнча  Жогорку Соттун судьяларына,  КР Жогорку сотунун конституциялык палатасына, КР Башкы прокуратурасына, ИИМ, КР Мамлекеттик коопсуздук комитетине, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына,  КР Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына бир катар маалыматтык семнарлар өткөрүлгөн.