«Ынтымак» КРТРКсы конвергенттик мультимедиялык редакцияда иштөө боюнча окууну каалаган стражерлор үчүн кастинг жарыялайт.

Кастингге Кыргызстандын бардык облустарынын Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери, ошондой эле бул сынакка катышууну каалаган бардык журналисттер катыша алышат.

Резюмелерди 2018-жылдын 26-мартына чейин asanbekpazyl@gmail.com электрондук дарегине “Ынтымак кастингге” деп жазып, жөнөтсөңүз болот. Окутуу 1 айга созулат.

Сынактан өткөн катышуучулардын бардык чыгымдары төлөнөт жана айлык акы да берилет.

Демилге «Сорос-Кыргызстан» Фондунун редакциялар менен алмашуу долбоорунун алкагында колдоого алынган.