Макала бул жакта жарыяланган https://goo.gl/PDjm9s

Көздөрүнүн айланасы кара-көгүш тартып, кандай суроо берилсе да “ооба” деп гана жооп берген Алихан 7 жарым жашта. Мектепке барчу курактан эчак эле өтүп калганына карабай, 3 жаштагыдай көрүнөт. Алихан  тубаса жүрөк кемтиги жана Даун синдрому менен жабыркап келет. Учурда ал Ош облустар аралык балдар ооруканасынын онкология бөлүмүндө дарыланып жатат.

Алихандын ата- энеси баласынын жүрөгүндөгү кемтик акырындап бүтөлүп калат деп күтүшкөн. Тилекке каршы, наристе чоңойгон сайын оору да күчөп олтуруп, жүрөк рагына айланган.

“Биз 5 бир тууганбыз, Алихан эң кенжебиз. Инимди жакшы болуп кетет деп эле жүргөнбүз, бирок андай болгон жок. Жүрөк кемтигинин да түрлөрү болот экен. Алихан 6 жашка чыкканда дем ала албай кыйнала баштады. Ошондо Бишкекке алып барып, жүрөгүнө операция кылдырдык. Бир ай өткөндөн кийин кайрадан кыйнала бергенинен Бишкекте бир жыл дарыланып келген”,- дейт эжеси Гүлназ.

Ош облустар аралык балдар ооруканасынын онкология жана гемотология бөлүмүнүн башчысы Маматали Рахимовдун айтымында  Алихандын абалы кооптуу. Ошондуктан, дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болууга тийиш.

“Алихан бизге 2017- жылдын февраль айында келген, ошондон бери биздин көзөмөлдө. Каны түшүп кетпеши керек, өз убагы менен кан куюлуп турушу зарыл. Азырынча химия алганга да болбойт. Келечекте абалы кандай болоору тууралуу так бир нерсе айтыш кыйын. Бирок абалы өтө оор”,- деп билдирди дарыгер.

Алихан сыяктуу оор дарттын курмандыгы болуп, керектүү медициналык жардамдын баарын алып бүткөн бейтаптар өмүрүнүн акыркы күндөрүн жакын адамдарынын жанында, кайгысыз өткөрүү үчүн паллиативдүү жардамга муктаж.

Паллиативдүү жардам- бул өмүргө коркунуч туудурган оорулуулардын абалын жакшыртуу, оорунун алдын алуу, азаптарын жеңилдетүү жана моралдык жактан колдоо көрсөтүү.

Аталган жардамдын Кыргызстанга келгенине 6 жыл болду. Учурда өлкөнүн Ош жана Бишкек шаарларында чоңдор үчүн паллиативдүү жардам көрсөтүү борборлору иштеп келет. Ал эми балдар ооруканасына паллиативдүү жардам бөлүмү жакын арада ачылганы турат.

Бөлүм башчысы Маматали Рахимовдун айтымында, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун каржылоосу менен жакын арада бөлүмгө керектелүүчү аппарат алынып келгени турат.

 “Жыл башынан бери рак оорусуна чалдыккан үч бала көз жумду. Бул бөлүмдүн ачылышы менен бейтаптарга паллиативдүү жардам көрсөтүлө баштайт. “Сорос-Кыргызстан” фондунун каржылоосу менен жакын арада Алиханга паллиативдүү жардам көрсөтүлө баштайт. Бул жардам бизге өтө керек”,- деди Маматали Рахимов.

Учурда аталган оорукананын дарыгерлери паллиативдүү жардам көрсөтүүнүн жол-жобосун үйрөнүп жатышат. Ал үчүн аталган тармакта 18 жылдан бери эмгектенген монголиялык профессор Одонтуйя Давасуреен келип, тренинг өттү. Профессор балдар ооруканасынын кызматкерлери тез аранын ичинде эле бул тармакты өздөштүрүп алаарына ишенээрин айтып өттү.

“Кыргызстан өтө тездик менен паллиативдүү жардам көрсөтүүнү өздөштүрүп жатат. Кыска эле убакыттын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында паллиативдүү жардам көрсөтүүчү онкологиялык борборлор ачылды. Жыл сайын бул өлкөгө келгенде жетишкендиктерге күбө болом”, — дейт профессор Одонтуйя Давасуреен.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги “Сорос- Кыргызстан” фондусунун колдоосу менен Ош шаарында паллиативдүү жардам палатасы пилоттук негизде ачылганы жатат. Анын негизинде Ош облустар аралык балдар клиникасынын онкология борборунда паллиативдүү жардам берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча гуманитардык жардам көрсөтүү каралып жатат.

Кыргызстанда акыркы бир жылда рак илдети менен 600дөн ашык бала дарыланган. Паллиативдик жардам көрсөтүү жакшы жолго коюлбаган үчүн залалдуу шишиктен жабыркаган балдардын 85%ы үйдө кыйналып каза болот.