КР Юстиция министрлиги укуктук жардам көрсөтүүнүн ар жылдык декадасын 2018-жылдын 3-декабрынан 10-декабрына чейин өлкөнүн булуң-бурчунда уюштурууда.

Иш-чара сот адилеттигине жетүүнү жакшыртуу үчүн, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын эффективдүү аткаруу үчүн жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, өз укуктарын коргоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн коомчулуктун маалымдар болуусун жогорулатуу максатында өткөрүлүп жатат.

Декада БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоору менен өнөктөштүктө Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору, USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы, GIZ ишке ашырып жаткан Европа Бирлигинин “КРде укуктун үстөмдүүлүгү – 2-фаза” программасы жана “Кыргызстан-Сорос” Фондунун “Укуктун үстөмдүүлүгү” программасы тарабынан өткөрүлүүдө.

Кыйла кенен маалыматты төмөнкү шилтеме боюнча алсаңыздар болот: http://legalmap.gov.kg/, Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунун (АЮЖБ) дареги: http://legalmap.gov.kg./ru/pages/free-legal-aid-centers/, ошондой эле төмөнкү сайтта: www.minjust.gov.kg.