Талас менен Нарындын мугалимдери үчүн “Медиа лаборатория: Кыргызстанда медиа-маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу” иш-чарасы өткөрүлөт 📈

2019 жылдын баш оона айынын 14-19 күндөрүндө Талас жана Нарын облустарында медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча мугалимдер арасында Медиа лабораториясы өткөрүлөт.

Окууга жалпысынан 80 мугалим катышат.
Медиа лаборатория медиа маалыматтык сабаттуулуктун негиздерин, сынчыл ой жүгүртүү жана жаңы медиалар менен иштөө жаатындагы окууларды камтыйт.

Талас жана Нарын облустарында медиа жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү долбоорунун башкы милдети болуп мектептерде медиабурчтарды уюштуруп мугалимдер менен окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, медиа, маалымат жана санариптик сабаттуулук менен иштөө шыгын өнүктүрүү болуп эсептелет.

Долбоор “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосунда, КРнын Билим берүү министирлиги жана Кыргыз билим берүү академиясы менен тыгыз өнөктөштүктө ишке ашырылат.

Баш оона айынын 14-19 күндөрү, саат 9:00.

Талас облусу:
• Талас шаары;
• Бакай – Ата району, Өзгөрүш айылы;

Нарын облусу:
• Нарын шаары

Устаттар: Ийгиликүү жана алдынкы катардагы медиа сабаттуулук боюнча биздин замандаш эксперттер.

Долбоордун аягында устаттар мугалимдерге ММС маселелери боюнча мессенджерлерде түзүлгөн тайпаларда кеп-кеңешин берип турат.

Ар бир мугалимге медиа лабораториясына катышкандыгын жана медиа сабаттуулугун жогорулаткандыгын тактоочу сертификат берилет.