Бүгүн, 23-мартта, Саламаттык сактоо министрлиги Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) менен биргеликте, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен ЖАМКнын кызматкерлерине эркиндигинен ажыратуу жайларында коронавирустун жайылуусун алдын алуу боюнча окутуу өткөрдү.

Окутуу онлайн-трансляция аркылуу өтүп, ага ЖАМКнын төрагасынын орун басары Айвас Кадыров, Бишкектин жана региондордун территориясындагы жабык жайлардын жетекчилери жана медициналык кызматкерлери катышты.

“Сорос-Кыргызстан” Фондунун Укуктук программасынын координатору Тахмина Ашуралиеванын айтымында, кризистик жагдайларда жогору коркунучтагы топко кирүүчү жарандардын арасында карылар жана балдар үйлөрүндөгүлөр, психиатриялык мекемелердин бейтаптары жана өзгөчө абактагы жабык мекемелердеги жарандар бар: “Жаза аткаруу системасындагы орунжайлар начар желдетилет, имараттар эски, көптөгөн кызматкерлер иштейт. Андан сырткары, ал кызматкерлер күн сайын республика боюнча 10 миңден ашуун абакта отурган жарандар менен түздөн-түз тыгыз катнашта болушат.”

Аталган окутууну өткөргөн Саламаттык сактоо министрлигинин адистери өткөн жуманын ичинде өлкөдөгү 800 үй-бүлөлүк медицина дарыгерлерин дагы окутуп чыгышты. Алардын ичинен 100 дарыгердин окутуусун “Сорос-Кыргызстан” Фонду COVID-19 вирусунун жайылуусуна каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн Өзгөчө кырдаалдар корунун алкагында каржылап берди.