Бишкекте 12 жана 13-декабрда адист Ринат Каримовдон өнүгүүсү өзгөчө балдар үчүн речти өнүктүрүү боюнча семинар-интенсив болуп өттү. Ринат Каримов сүйлөбөгөн балдардын речин өнүктүрүү боюнча жеке методун иштеп чыккан педагог-практик болуп саналат.

 

Семинар-тренингге «Луч добра» борбрунун адистери, ошондой эле балдар бакчаларынын логопеддери жана педаогогдору катышышты.

Интенсивдүү окутуунун 2 күнүндө педагогдор сүйлөбөгөн балдардын речин өнүктүрүү боюнча практикалык көнүгүүлөрдү эксперт Ринат Каримовдун автордук методу боюнча сабактардын түзүмүнүн үлгүсүн үйрөнүштү, аларды кесиптик жактан артта калуунун алдын алуу жана педагогдун кесиптик көндүмдөрүн машыктыруу үчүн аларды андан ары дагы колдоно алышат.

 

«Луч добра» КБ борбору «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда ишке ашырылуучу «Интерактивдүү мектеп» долбоорунун алкагындагы тереӊдетилген программа боюнча эксперттен окууну улантат.