Бишкек Mad Aliens геймдев (компьютердик оюндарды иштеп чыгууга арналган веб-сайт) студиясы колдонуучуга зомбулук, анын түрлөрү жана аны менен күрөшүү методдору жөнүндө кененирээк билүүгө жарбам бере турган акысыз мобилдик оюнду иштеп чыккан.

Бул мобилдик оюн өзүнө каармандын жашоосун ойноону карайт, мында бардык адамдар сыяктуу эле иштөөгө, окууга, тамактанууга, эс алууга, кыймылсыз мүлктү жана башка буюмдарды сатып алууга муктаж болот. Оюндун негизги механикасы менен катар эле оюнчу өзүнүн жашоодо ар түрдүү көйгөйлөргө айрыкча, зомбулук көйгөйүнө туш болгон досторуна жана тааныштарына кеӊеш берүүгө тийиш. Оюнчунун дал ушул чечиминен жардам сурап кайрылган каармандын кийинки кадамдары жана натыйжалары көз каранды. Анткени оюн биринчи кезекте, балдарга жана өспүрүмдөргө арналган, анда негизги басым мектептеги, курдаштары жана ата-энелери менен болгон көйгөйлөргө арналган.

Зомбулук балдарга жана өспүрүмдөргө өзгөчө терс таасирин тийгизет, балдардын эмоционалдык абалына коркунуч келтирет жана алардын келечегине да таасирин тийгизет. Кыргызстанда балдарга карата катаал мамиле зомбулук кеӊири жайылып баратат жана балдардын укугун түздөн-түз козгойт. Көп сандаган балдар курмандыкка айланып же ар түрдүү шарттарда ар түрдүү формада зомбулуктун, үй бүлөдөгү зомбулуктун, мектептеги зомбулуктун же рэкетчиликтин, сексуалдык зомбулуктун, психологиялык зомбулуктун жана анын башка түрлөрүнүн күбөлөрү болууда.

Бул оюн үйрөтүүчү жана маалыматтык максатты көздөйт. Иштеп чыгуучулар оюндагы моделдешкен абал аркылуу өсүп келе жаткан муунга зомбулук көйгөйлөрү, анын түрлөрү жана аны менен күрөшүү методдору жөнүндө кабарлагысы келет.

Mad Aliens геймдев студиясынын жетекчиси «бул оюнда зомбулук көйгөйлөрүнө тиешелүү кыйынчылыктар менен кагылышууга туура келет. Оюнчу туура чечимди тандоо менен, оюнда гана жеӊбестен, жашоодо да кандай кадам кыларын түшүнөт. Бул окутуудагы жаӊы метод. Балдар дал ушул оюн аркылуу окууга көбүрөөк дит коюшат».

Mad Aliens бул продукт менен Kaspersky-дин Secur’IT Cup 2020 финалына катышкан жана 3-орунга ээ болгон.

Оюнду Google Play же App Store орнотуу менен байкап көрүүгө болот.