Кыргызстанда жогорку окуу жайдын студенттери жана практикадагы юристтер үчүн «Кыргыз Республикасынын Жазык процесси» окуу китеби «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда чыгарылды. Материалдын автору соттук-укуктук реформа боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөсү Кулбаев Аслан Касымалиевич тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазы-процесстик кодексин ишке ашырууда жана жазык процессине жаӊылык киргизүүдө укук колдонуу практикасын жакшыртуу үчүн зарыл болгон маалыматтар киргизилди.

Бул окуу китеби жаӊы жазык сот өндүрүшүн жакшыртууга жана маанисин түшүнүүгө жардам берет. Аталган окуу китеби Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин негизинде «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик укугу» курсун толугу менен баяндоону камтыйт.

Материал Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жайылтууга жол берилген.

«Кыргыз Республикасынын Жазык процесси» окуу китебинин чектүү сандагы нускасын (504) Кыргыз Республикасынын төмөнкү жождору жана окуу борборлору алышты:

Ж. Баласагын атындагы КУУ;

Милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы ИИМ Академиясы;

Б. Н. Ельцин атындагы КРСУ;

КМЮА;

Ош юридикалык институту;

ОшМУ;

Кыргыз-Өзбек университети;

КУУ КДКЖФ;

КЭАУ;

Баткен мамлекеттик университети;

Жалал-Абад мамлекеттик университети;

Сот адилеттигинин жогорку мектеби;

Адвокатуранын окуу борбору;

Башкы прокуратуранын окуу борбору;

ИИМдин окуу борбору;

УКМКнын окуу борбору;

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын окуу борбору;

ЖАМКнын окуу борбору.

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун укуктук программасы Кыргызстанда адам укугунун баалулуктарын, укуктун үстөмдүгүн жана ачык коомду чагылдырган укуктук реформаларды жана өзгөрүүлөрдү колдоого багытталган. Ошондуктан Фонддун колдоосу менен мүмкүн болгон окуу китебин иштеп чыгуу жана жарыялоо – бул билим берүүчү материалдар аркылуу жаш адистерди даярдоо жана практикадагы юристтердин квалификациясын жогорлатуу жолу менен жазыктык сот өндүрүшүнүн натыйжалуу системасын курууга түрткү берген маанилүү кадамдардын бири.

Фонд Кыргызстандын жождору менен тыгыз иштешет жана Жазык-процесстик кодексин жана Кыргыз Республикасынын соттук-укуктук реформалардын алкагында киргизилген бардык жаӊылыктарды кантип ишке ашырууну болочоктогу юристтерге туура түшүндүрүү үчүн юридикалык факультеттерге жардам берет.

«Сорос-Кыргызстан» Фонду Жазык кодексин, Жазык-процесстик кодексин, Жазык-аткаруу кодексин, Жоруктар жөнүндө кодексти, Бузуулар жөнүндө кодексти, Пробация жөнүндө Мыйзамды, Мунапыс берүү жөнүндө Мыйзамды, Соттуулукту каттоо жөнүндө Мыйзамды, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын аталган кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндө Мыйзамды иштеп чыгууга катышуу аркылуу Кыргыз Республикасынын соттук-укуктук системасын реформалоого мурда эксперттик жана техникалык колдоо көрсөткөн.

Автор соттук-укуктук реформаны колдогондугу жана бул окуу китепти жарыялоо мүмкүндүгү үчүн «Сорос-Кыргызстан» Фондуна чоӊ ыраазычылыгын билдирет:

«Окуу китебинде Кыргыз Республикасынын жазык процессине жаӊы Жазык-процессти кодексинин негизинде жаӊы маалыматтар абдан көп киргизилген, бул окутуучуларга, практикадагы юристтерге жана студенттерге бул жаӊылыкты түшүнүүгө жана практикада туура колдонууга жардам берет. Соттук-укуктук реформалардын натыйжасында биздин мызйамдар россиянын же казакстандын мыйзамдарынан айырмаланып турат, башка булактарда жаӊы киргизилүүлөр жөнүндө түшүнүктөр жок. «Кыргыз Республикасынын Жазык процесси» – эӊ пайдалуу булак катары кызмат кылган алгачкы окуу китеби. Биз материалдардын үстүндө бир жылга жакын иштедик. Окуу китебин чыгарууга жана Кыргызстандын жождоруна жана окуу борборлоруна таркатууга жардам берген «Сорос-Кыргызстан» Фондуна ырахмат».

Автор жөнүндө. Аслан Касымалиевич юридика илимдеринин кандидаты, КУУнун Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин доценти, ошондой эле соттук-укуктук реформа иш-чараларын мониторинг кылуу боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөсү болуп саналат.

Аталган окуу китеби Creative Commons Attribution 4.0 ачык лицензиясы менен «Авторлукту көрсөтүү менен» (CC-BY) иштелип чыккан жана ачык билим берүү ресурсу болуп саналат. Бул лицензия үчүнчү жактарга бардык китептерди же анын каалаган бөлүгүн «Сорос-Кыргызстан» Фондуна жана анын авторлоруна милдеттүү түрдө шилтеме берүү менен эркин жайылтууга, чыгарма жаратууга (ремикстер, котормолор), иштеп чыгууга, ыӊгайлаштырууга, анын ичинде коммерциялык максатта дагы мүмкүндүк берет. Бул лиценциянын шарттары жөнүндө кыйла толугураак маалымат сайтта берилген.

«Кыргыз Республикасынын Жазык процесси» окуу китебиинн мазмунун өздөштүрүү жана электрондук түрдөгү окуу китебинин өзүн биздин сайттагы шилтеме менен көчүрүп алууга болот.

Окуу китебинин мазмуну «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.

Суроолор, комментарийлер жана сунуштар боюнча Укуктук программадагы кесиптештерге кайрылууга болот:

Нуриана Картанбаева, Укуктук программанын директору

E-mail: nkartanbaeva@soros.kg

Тахмина Ашуралиева, Укуктук программанын координатору

E-mail: tashuralieva@soros.kg