16-марттан 26-мартка чейин Изилдөөгө багытталган гранттар программасынын алкагында 2020-жылдын изилдөөлөрдүн бет ачары өткөрүлөт. Изилдөөчүлөр баардык суроолорго жооп беришет.

Баардык изилдөөлөрдүн бет ачары саат 14: 00дө башталат.
Өткөрүү жери: «Сорос-Кыргызстан» Фондунун пресс-борбору, Логвиненко көч., 55А.
Шилтеме аркылуу милдеттүү түрдө катталуу керек. Орундардын саны чектелген.

Сураныч, COVID-19 алдын алуу чаралары жөнүндө унутпаңыз: маскалар, антисептиктер жана социалдык дистанция. Бет ачарга милдеттүү түрдө катталуу керек, анткени катышуучулардын саны COVID-19 шарттарында чектелген.

Изилдөө темалары жана бет ачар күндөрү:
16-марта (кыргыз тилинде бет ачар) – Элмурат Аширалиев: Кыргызстанда диний азчылыктардын укуктары канчалык деңгээлде корголууда?
17-март – Тынчтыкбек Асанов: Кыргыз Республикасында альтернативдик соттук экспертиза: кырдаал жана өнүгүү келечеги
18-март – Нургуль Токторбаева: Кыргызстандагы узак убакыт бою ооруп жаткан балдарга дистанттык билим берүүнү уюштуруу маселелери: чечүү жолдору
19-март – Рахат Исманбаева: Вакцинанын экономикасы. Кызамыкка каршы эмдөө мамлекеттик жана коомдук чыгымдардын азайтууга кандайча жардам берет
23-март – Джамиля Дунганова: Инклюзивдик билим берүүнү ишке ашырууда мугалимдердин даярдыгын жакшыртуу көйгөйү
24-март – Нургуль Султанова: Кыргызстандагы майыптарды реабилитациялоо боюнча мамлекеттик саясаттын маселелери
25-март – Кубаныч Тагаев: Бишкек шаарынын чегинде Ала-Арча дарыясын экологиялык калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрүн талдоо
26-март – Чолпон Шамбетова: Кыргызстандагы Паркинсон оорусу боюнча медициналык жардамга жетүү көйгөйлөрү

29-март, 15:00 (Шааркана, Токтогул көч., 247, Каракол шаары)– Айдай Алымова – Талас жана Чүй облустарындагы төрт социалдык стационардык мекемелердеги камактагы адамдардын укуктары жана аларды кармоо шарттары

Баардык изилдөөлөрдү биздин сайттан шилтеме аркылуу көрө аласыздар.
Бет ачар Facebook бетинде түз эфирде көрсөтүлөт.

Байланыш:
📩 joomart@soros.kg
☎️ 0 (312) 663 475 (доб. 131)