21-мартта Дауна синдрому бар адамдардын Эл аралык күнү өтөт. Бул күнү дүйнө жүзү боюнча бул синдром жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган ар түрдүү иш чаралар өткөрүлөт. Дауна синдрому бар адамдарда жыйырма биринчи хромосамадан экөөнүн ордуна үч көчүрмөсү бар. Ошондуктан символикалуу түрдө үчүнчү айдын 21 күнү тандалып алынган.

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун билим берүү программасы көп жылдар бою КР инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнү колдойт. Ошондой эле Фонддун өнөктөштөрүнүн арасында Дауна синдрому бар балдарды, алардын ата-энелерин жана тиешелүү адистерди окутуу менен алектенген, ошондой эле Дауна синдрому бар адамдар менен иштеген мамлекеттик жана коомдук уюмдарды маалыматтык жана консультациялык жактан колдоо менен иштеген уюмдар бар.

«Луч добра» коомдук бирикмеси «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда инклюзивдик билим берүү жана адистерди жана ата-энелерди атайын методика менен окутуу боюнча бир нече долбоорлорду ишке ашырган: «Мектеп чексиз», «Дауна синдрому бар балдар – инклюзивдик коомду куруунун активдүү катышуучулары», ошондой эле «Интерактивдүү мектеп». Мисалы, өткөн жылы Бишкекте сүйлөбөгөн балдардын речин өнүктүрүүнүн жеке методун иштеп чыккан педагог-практик Ринат Каримовдон өнүгүүсү өзгөчө балдар үчүн речти өнүктүрүү боюнча семинар-интенсивдер өткөрүлгөн. «Луч добра» борборунун адистери, ошондой эле балдар бакчаларынын логопеддери жана педагогдору көнүгүүлөрдү үйрөнүштү жана кесиптик жактан артта калуунун алдын алуу жана педагогдун кесиптик көндүмдөрүн машыктыруу үчүн аларды андан ары дагы колдоно алышат.

«Сантерра» коомдук фонду «Инклюзияга карата жолго биринчи кадам катары эрте кийлигишүү» долбоорунун алкагында Дауна синдрому бар балдардын ата-энелери өз сайтын ишке киргизген, анда ата-энелер жана адистер Дауна синдрому бар балдардын өнүгүшү боюнча маалыматты таба алышат, ошондой эле талап кылынган материалдарды кыргыз тилине которууну уюштурушкан.

Бул жылы Кыргызстан биринчи жолу #LotsOfSocks #МногоНосков эл аралык өнөктүгүнө кошулган. 27-мартка чейинки бардык апталарда биздин өнөктөштөр «Сантерра» КФ Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчисинин жубайы Вероника Гаррет, Lucky Socks кыргызстандык байпак өндүрүүчүлөрү жана компаниянын негиздөөчүсү Кундуз Асаналиева, ошондой эле «Соломон Сэндвичес» инклюзивдик кафеси менен биргеликте өткөрүп жаткан #LotsOfSocks флешмобуна кошулууга болот.

Флешмобдун маӊызы – соцтармактарга ачык жана кызыктуу, жакшыраагы – ар түрдүү жуптагы байпактарды #inclusivekg #LotsOfSocks #lotsofsockskg хештеги менен жүктөө.

«Биз ар түрдүүбүз, бирок баарыбыз теӊбиз!»