Жакынкы келечекте Бишкек шаары жашылдандыруусуз калышы мүмкүн. Жашыл зоналар үчүн каралган аймактардын көпчүлүгүнө курулуштар түшүп, ал эми жолдор унаалар жана алардын ээлеринин ыӊгайлуулугу үчүн кеӊейтилүүдө. Ошондуктан жарандар кышында түтүндөн деми кысылып, жайында болсо абанын чаӊдыгынан жана күндүн ысыгынан кыйналышат. «Арча демилгелери» КФ эксперттеринин айтымында алты жылдын ичинде жарандар жашылдандырууга арналган аймактын 40% жоготушту. «Арча демилгелери» КФ 2020-жыл үчүн борбор шаардын аймагында жашаган 63% бишкектиктер үчүн жөө жүрүүчү (500 метрден аз) жашылдандыруу зоналары жеткиликсиз, бул коопсуз айлана-чөйрөнүн шарттарында убакыт өткөрүү мүмкүндүгүнүн жокутугуна алып келет, натыйжада Бишкекте социалдык-экологиялык теӊсиздикти түзөт.
Бүгүн Жер күнүндө, социалдык-экологиялык теӊсиздик маселеси «Гүлбактар бардыгы үчүн» темасында «Жашыл Upgrade» 2021 жыл сайын өтүүчү шаардык форуму учурунда көтөрүлдү. Иш-чара «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда «Арча демилгелери» КФ тарабынан «МувГрин» КБ менен өнөктөштүктө уюштурулган. Иш-чарада «Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткауучу директору Шамиль Ибрагимов, «Арача демилгелери» КФ аткаруучу директору Дмитрий Ветошкин жана «Арча демилгеси» КФ билим берүү программасынын координатору Дмитрий Переяславский, медицина илимдеринин кандидаты Алексей Кравцов, «Келечек плюс» КФ Эльмира Кенжебекова жана башка өнөктөш уюмдардын жана муниципалитеттин өкүлдөрү баяндамалары менен чыгып сүйлөштү.
Спикерлердин баяндамалары Бишкекте жашыл зоналардын жеткиликтүүлүгүн, бак-дарактарды отургузуунун экономикалык пайдасы, жашыл зоналардын санитардык-коргоочулук ролу, майыптуулугу бар жарандар үчүн жашыл аймактардын жеткиликтүүлүгү, жашылдандыруу маселесине жарандык катышуу механимдерин, жарандардын гүлбакчаларды куруу мүмкүндүктөрүн, ошондой эле жашылдандыруу ченемдерин кошкондо, ар түрдүү теманы камтыды. Бардык баяндамалар «Арча демилгелери» КФ сайтында же дароо шилтеме менен бул жерде.
Шаар чөйрөсүнүн шартарында жашыл аймактар температураны төмөндөтүү, абаны нымдаштыруу жана жел согуу, абаны булгоочулардан тазалоо, баш аламан булганууну азайтуу менен жарандардын жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон конституциялык укугун камсыз кылат. Дмитрий Ветошкиндин айтымында бир нече жумадан кийин биз кайрадан чаӊдан кыйналабыз, ал эми жашыл бак-дарактар адамдарды чаӊдан жана баш аламан булганууда коргойт. Дмитрийдин айткандай, бак-дарактар ошондой эле желдин согуп турушун, биздин шаардын шамалдап турушун камсыздайт. Ал ошондой эле коронавирус пандемиясы мезгилинде гүлбакчалардын маанилүүлүгүн белгиледи: «Бишкектин аймагынын 60% бак-дарак отургузуудан ажырады. Карантин учурунда жарандар үчүн гүлбакчалар гана кыйла коопсуз мейкиндик болду. Биз гүлбакага чейин коомдук транспорт менен барууга тийиш эмеспиз, бир нече мүнөттө жетүүгө мүмкүн болгон гүлбакчалар ар бир райондо болууга тийиш. Биздин балдар тышта сейилдебей жана короодо ойнообой калышты, алар үйдө отурушат; биз жөө баспай калдык жана унаанын эшигине чейин жетебиз, таксиге отурабыз жанан андан ары. Ошонуктан жашыл зоналар аз болуп калды». Анын пикиринде шаарда сугат системасы иштебейт, бардык жашыл аймактар жаан-чачын аркылуу сугарылат.
Шамиль Ибрагимов бак-дарактарды отургузуунун экономикалык пайдалуулугу темасын көтөрдү: «Чечим кабыл алган жактар шаарды бизнестин жана экономикалык пайданын көз карашында кабыл алышат. Гүлбакчалар дагы алар үчүн пайдалуу салым болуп саналат. Бирок бак-дарактар жарандарды ар түрдүү оорулардын өрчүшүнөн сактоо менен саламаттык сактоо системасына болгон жүктөмдү азайтат. Жашыл зоналар агрессиянын жана кылмыштуулуктун деӊгээлин төмөндөтөт. Бак-дарактар – менталдык агрессия көйгөйүн чечүүнүн эӊ оӊой ыкмасы. Жашылдандыруу абдан күчтүү экономикалы капиталга ээ».
Дмитрий Переяславскийдин айтымында Бишкекбашкыархитектурасынын планында абдан көп жашыл зоналар бар, чындыгында бул аймактардын көпчүлүк бөлүгү май куюучу жайларды кошкондо ар кандай объекттерди курууга берилип кеткен. Дмитрий шаарды шаардык райондор жана жаӊы конуштар деп бөлбөөнү, бардык зоналарды жалпы шаардык деп кабыл алууну сунуштайт: «Бул маселе социалдык-экологиялык теӊсиздик, ар бир жаран кадам сайын жашыл зоналарга укуктуу».
Ошондой эле форумда Алексей Кравцов чыгып сүйлөп, жашыл зоналардын стресстин деӊгээлин төмөндөтүүгө тийгизген таасири тууралуу теманы көтөрдү: «Жашыл зоналар биздин психисоматикалык абалыбызган жагымдуу пайдасын тийгизет. Шаар чөйрөсүндө биз көбүрөөк стресске түшөбүз, ал тургай жарык булгануудан да. Стресс организмдин каршы туруу деӊгээлин төмөндөтөт жана андан биз ооруп баштайбыз».
Спикерлер чыгып сүйлөгөндөн кийин форумдун катышуучулары муниципалитеттин, чечим кабыл алуучу жактардын, эл аралык жана бизнес уюмдарынын катышуусу менен шаардык жагылдандыруу маселелерин талкуулоо үчүн топторго бөлүшө алышты: экологиялык-аярлуу райондорго гүлбакчаларды кантип демилгелөө керек, гүлбакчаны пландоого кантип катышса болот жана Бишкек шаарын бүтүндөй жашылдандыруунун келечектүү планын кантип демилгелөө керек.