Белгилүү куракчы, сүрөтчү, дизайнер жана көркөм чыгарма дүйнөсүнүн эксперти Чолпон Аламанова Бишкектеги кулагы укпаган жана угуусу начар адамдардын коомунун мүчөлөрү үчүн мастер-класс өткөрдү. Иш-чара «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жана «ADRA Кыргызстан» агенттигинин колдоосу менен «Кыргызстандагы кулагы укпаган жана угуусу начар адамдарга күч-кубат берүү» долбоорунун алкагында өттү.

Мастер-класстын алып баруучусу, көптөгөн эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу жана Кыргызстандагы өзүнүн көркөм чыгарма мектебинин негиздөөчүсү Чолпон Аламанова катышуучуларга минималдуу каражаттан жууркан, сумка, панно, кийим жана башка кооз буюмдарды тигүү жолдорун көрсөттү. Бул жолу мастер начар уккан аялдарга материалдаран калган, жамаачыларды колдонуп, уникалдуу жуурканды тигүүнү жана пластикалык таштандыдан жасалган полиэстерден буюм жасоону үйрөттү.

«Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар үчүн 2700 сом жөлөкпул менен мындай мастер-класс киреше алып келе турган жаңы кол өнөрчүлүктү үйрөнүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк»,- дейт Чолпон Аламанова. «Бүгүн биз байыркы курактын техникасын гана эмес, түстөр менен оймолордун айкалышын үйрөндүк, ошондой эле кол өнөрчүлүктөгү экологиялык мамиленин тенденциялары жөнүндө сүйлөштүк.»

Мындан тышкары, мастер-класстын алып баруучусу катышуучуларга экологияга аяр мамиле кылуунун маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди, анын ичинепатч-техникада (жамаачылардан жасалган) иштөөнүн негизги принциби да кирет. Мындай өндүрүштө эч кандай калдык жок, баары, ал тургай, эң кичинекей бөлүктөрү да баалуу булак материал болуп эсептелет. Бул учурда көп нерсе кол менен жасалат, бирок кээ бир нерселер тигүүчү машинаны талап кылат.

Бул мастер -класстын катышуучулары үчүн ADRA Кыргызстан агенттиги керектүү тигүүчү машиналарды сатып алды. Ал эми жууркандар кайра иштетилген пластикалык таштандылардан жасалган синтетикалык кыштоочу менен толтурулган. Бул материалдар «Экодис» компаниясынын башкы директору Андреев Д.В. тарабынан берилген.