«Civic City Dashboard (шаардык маалымат панели)» долбоорунун презентациясы 17-сентябрда саат 18.00дө «Сорос-Кыргызстан» фондунда өтөт.

Civic City Dashboard — Евразиядагы уникалдуу долбоор жана ачык маалыматтарга негизделген башкаруу системасын өнүктүрүү үчүн эң сонун курал. Платформа шаардагы ар кандай процесстерди салыштырууга,талдоого жана корреляциялоого боло турган шаардын ичиндеги маалыматтарын чагылдырат.

Бул долбоор муниципалдык кызматтардын ишин көзөмөлдөөгө, шаардагы көйгөйлүү пункттарды табууга жана ошого жараша чечимдерди сунуштоого мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Шаарда жашаган жарандарга дагы ачык айкын маалыматтарды колдонууга жана шаардын жашоосуна катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Презентация учурунда идеянын автору, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов платформанын функционалдуулугу, колдонулган шаардык маалыматтардын структурасы, архитектурасы, ошондой эле анын өнүгүшүнө салым кошуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берет.

Презентацияга катышууну каалагандар Фейсбуктагы «Сорос-Кыргызстан» Фондунун баракчасындагы иш-чаранын ТҮЗ эфирине кошула алышат. (https://www.facebook.com/soroskg)